Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 26-январы № 1
Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн 2018-жылдын бюджетинин сметасынын бекитилүүсү жөнүндө бюджеттик комиссиянын маалыматын угуп жана талкуулап Кызыл-Туу айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн 2018-жылдагы жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгү 11307,4 мин сом,анын ичинде теңдөөчү грантты 1146,4 миң сом эсепке алганда 8611,0 миң сом болуп жана атайын каражат 1550,0 миң сом болуп бекитилсин:( №1 тиркеме тиркелет )
2. Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн 2018-жылдагы жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгү 11307,4 миң сом болуп бектилсин; (№2 тиркеме тиркелет):
3. Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн 2019-2020-жылдарга карата бюджеттин долбоорун чегерилүүчү теңдөөчү грантты жана атайын каражатты эсепке алып, 2013-жылга карата 11367,5 миң сом, 2020-жылга карата 11406,1 миң сом бектилсин (№3 тиркеме тиркелет):
4. Чыгымдарды үнөмдөөнүн натыйжасында жылдын акырында калган кирешелердин чыгымдардан ашкан суммасы 01.01.2018-жылга карата (бош калдыктар), атайын каражаттан 49,0 мин.сом, негизги эсепетен 582,2 мин сом бекитилсин (№4 тиркеменин негизинде)
5. 2018-жылга карата Кызыл-Туу айыл өкмөтүндөгү бюджеттин Чыгашаларды каржылоо биринчи кезектеги тартипте корголгон беренелер (эмгек акы, Социалдык Фондуна чегерүүлөр, комуналдык төлөмдөр(көмүр) каралсын;
6. 50,0 мин сом суммадагы накталай акча каражаты кассада иштетилуусу учун каралсын.
7. 2018 жылга каралган бюджетте 2017 жылы акча каражаты жетишпей калган иш-аракеттерге коменсация каралсын.
8. Атайын эсепке ашыкча каражаты айыл окмоттун бюджетинде калат.
9. Кызыл-Туу айыл аймагындагы жылдык планды ашыгы менен аткаруу учурунда киреше бөлүккө түшкөн акча каржаты, Кызыл-Туу айыл аймагындагы социалдык-маданий иш чараларды уюштурууга чыгымдоого каралсын;
10. Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн аппаратынын штаттык бирдик саны 2018-жылга карата жана маданият тармагы- бекитилсин;
11. Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн башчысына иштин зарылчылыгына байланыштуу атайын каражаттан жана бюджеттик эсептен бир кварталдан экинчи кварталга элементтерин алымча кошумчасы менен которууга мыйзам чегинде уруксаат берилсин;
12. Республикалык бюджеттен түшкөн каражаттар туура бөлүштүрүлүп жана белгиленген багытта жумшалсын;
Төрага | К.Ю. Иманалиев |