Загрузка документа…
ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 29-январы № 117
Үч-Терек айыл аймагындагы № 32 Бекназар opто мектебинин жылытуу системасын жаңылоо боюнча Кыргыз Республикасынын Каржы Министрлигинен турткү берүүчү грант бөлүү үчүн долбоорун бекитүү боюнча жергиликтүү бюджеттин эсебинен акча каражатын кароо жөнүндө жана жумуш жана ашар түрүндө акча каражатын бекитип берүү боюнча Үч-Терек айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Сейдалиевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап айылдык кенешинин кезексиз XXIV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Үч-Терек айыл өкмөтүнүн № 32 Бекназар орто мектебинин жылытуу системасын жаңылоо үчүн түрткү берүүчү гранттын жалпы долбоору 1144000 (бир миллион бир жүз кырк төрт мин ) сомго, түрткү берүүчү гранттан каржылоо үлүшү 1029600 (бир миллион жыйырма тогуз миң алты жүз ) сомго бекитилсин.
2. Үч-Терек айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджеттен накталай акча каражаты 114400 (бир жүз он төрт мин төрт жүз) сом бөлүнүп берилсин.
3. Каралган акча каражатын жергиликтүү бюджеттин -эсебинен караштырып камсыз кылып берүү жагы башкы бухгалтер Ш.Сатыбалдиевге милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айыл өкмөт башчысы Р.Сейдалиевге милдеттендирилсин.
5. Бул токтом www.uch-terek.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
6. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага | Ө. Сулайманов |