Загрузка документа…
ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 29-январы № 118
Үтүров Апсатар Биримкулович 1968-жылдын 8-апрелинде Жалал-Абад облусунун Токтогул районуна караштуу Үч-Терек айылында туулган.1985-жылы Кызыл-Ураан орто мектебин аяктагандан кийин эмгек жолун 1985-жыл Шопоков атындагы совхоздо жумушчу болуп иштөөдөн баштаган.
1986-жылдан 1988-жылга чейин советтик армиянын катарында кызмат өтөгөн. Аскердик кызматын 1988-жылы аяктап келгенден кийин Кара-Көл шаарындагы ГНТУ-89 кесиптик лицейине тапшырып 1989-жылы аяктагандан кийин,Жалал-Абад шаарынын Педагогикалык окуу жайына 1989-жылы кирип 1992-жылы аяктаган.
1995-жылдан 2000-жылга чейин Бишкек шаарында Кыргыз мамлекеттик физкультура институтун сырттан окуп бүтүргөн.
1992-жылы Кызыл-Ураан айылында Шопоков орто мектебинде дене-тарбия мугалими,
1993-1999-жылга чейин Үч-Терек райондук Баддар спорт мектебинин директору, райондук спорт комитетинин төрагасы.
2000-жылы Токтогул райондук Балдар спорт мектебинин машыктыруучусу.
2002-2003-жылдары Бишкек-Ош жолун курууда техникалык коопсуздугун кароо бөлүмүндө (ТБ) кызматкери,
2003-2005-жылдары Жалал-Абад областтык аңчылык боюнча инспектор, 2010-жылдан азыркы мезгилге чейин Токтогул районунун Кызыл-Ураан айылындагы № 32 Бекназар атындагы орто мектебинде директор болуп эмгектенип келе жатат жана Үтүров Апсатар Биримкулович бир нече ардак граммоталар менен сыйланган.
2004-2008-жылы «Айылдык кеӊешинин» IV-чакырылышынын депутаты.
2008-2012-жылы «Райондук кеңешинин» XXVIl-чакырылышынын депутаты.
2012-2016-жылга чейин «Айылдык кеңешинин» VI-чакырылышынын депутаты.
Ошондуктан «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун отличниги» төш белгисин берүү боюнча айылдык кенештин депутаттарынын жалпы чогулушунун негизинде Уч-Терек айылдык кеңешииин кезексиз XXIV-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун отличниги» төш белгисине Үч-Терек айылдык кеңешинин депутаты Үтүров Апсатар Биримкулович сунуш кылынсын.
2. Бул токтомду бекитип берүү жагы Токтогул райондук мамлекетгик администрациясынан суралсын.
3. Бул токтом www.uch-terek.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
4. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага | Ө. Сулайманов |