Загрузка документа…
ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 26-марты № 120
Үч-Терек айыл аймагында жашылдандыруу, көрктөндүрүү жана айылдардын санитардык абалын жакшыртуу боюнча айыл өкмөттүн үч айлыгы жарыяланган жана иш чаpa кабыл алынып, иш чаранын негизинде иштер жүргүзүлүүдө.
Жалпысынан бүгүнкү күнгө 41 чакырым ички арыктар жана каналдар тазалоону талап кылууда. Көк-Жар каналы 3,5 чакырым, Карды-Жарык каналы 5,5 чакырым, Улуу-каналы 4 чакырым, Кошой-Арык каналы 5 чакырым. Жанай-Ата каналы 6 чакырым, Бегет-Арык каналы 4 чакырым жана Сары-Таш каналы 3 чакырым техниканын күчү менен тазаланды.
Көчөлөрдү учурдун талалтарына ылайык түнкү мезгилде жарык менен камсыздоо боюнча үстүбүздөгү жылдын февраль айында Үч-Терек айылынын 2 көчөсүнө Жээналиев Акай жана Акаев Зарылбек көчөлөрүнө 25 даана тун түнкү шам чырак 62 500 сомго көчөгө аты коюлган инсандардын балдарынын демөөрчүлүгү менен коюлду. Калган айылдардын көчөлөрүнө түнкү шамчырактарды коюу айыл өкмөтүнүн иш пландарында көрсөтүлгөн.
Айыл өкмөттүн аймагындагы орто мектептерге,айылдык клубдарга жашылдандыруу боюнча 165 910 сомдук 2 370 даана көчөттөрдү алуу үчүн заявка берилди. Көчөттөр алрель айында алынып келинип таратылат.(заявка тиркелет).
Үч-Терек айылындагы М. Нургазиев атындагы мектептин батыш тарабындагы бакты 110 метр жерин 20-жылдык бүтүрүүчүлөрдүн демилгелери менен (сметалык наркы 150 000 сом) тосуп берүү пландаштырылууда. Бактын ичине айыл өкмөтү тарабынан терек жана башка көчөттөр тигилмекчи.
Быйыл 9-май Улуу Ата Мекендик Согуштун Жеңишинин 70 жылдык майрамына карата Кызыл-Ураан айылында согушка катышкандардын урматына арналган эс алуу паркын куруу коомчулуктун жардамы менен ишке ашырылмакчы.
Жашылдандыруу, көрктөндүрүү жана айылдардын санитардык абалын жакшыртуу иштери дагы улантылмакчы.
Жогорудагыларды белгилеп айылдык кеңештин кезектеги XXV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Уч-Терек айыл аймагында айлана-чөйрөнү архитектуралык талаптарга ылайык көрктөндүрүү, жашылдандыруу жана санитардык абалын жакшыртуунун жүрүшү жөнүндө статист-экономист Ж. Жолдошованын билдирүүсү эске алынсын.
2. Үч-Терек айыл аймагындагы айылдарында көчөлөрдү, айлана-чөйрөнү көрктөндүрүү жана санитардык абалын жакшыртуу, бак-дарактарды актоо, арыктарды тазалоо иштери жана ишембиликтер өткөрүлсүн жана архитектуралык талаптарга туура келбеген суу өтүүчү арыктардын жээгиндеги, жол жээгиндеги дарактарды алдыртуу жагы айыл башчыларына милдеттендирилсин.
3. Жарыяланган үч айлыкты уюшкандыкта өткөрүү боюнча мекеме уюмдарга, жол жээктерине бак дарактарды отургузуу, түптөрүн актоо, таштандыларды чыгартуу, ички арыктарды, каналдарды тазалатуу, жээктерин бекемдетүү иштерин жүргүзүү жагы айыл башсыларына, мекеме жетекчилерине милдеттендирилсин.
4. Айылдагы бак- дарактарды илдеттерден-зыянкечтерден алдын алуу максатында жаздын март айынын экинчи декадасынан, апрель айынын биринчи декадасынан жана күз айынын октябрь айынын экинчи декадасында дарылоо иштери жүргүзүлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Ж.Казымидиновго милдечтендирилсин.
6. Бул токтом www.uch-terek.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
7. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага | Ө. Сулайманов |