Загрузка документа…
ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 26-марты № 121
Айыл чарба өсүмдүктөрүн эгүү боюнча колдонулган техникалардын кызмат көрсөтүү акысы ( раценка тиркелет) боюнча айыл өкмөттө тиешелүү адистер тарабынан кызмат акылары белгиленип, айыл өкмөттүн өзгөчөлүүгүн эске алуу менен шартталып иштелип чыккан. Тракторлордун жана бада бааларынын, суугат суу, таза суу, таштандыларды чыгаруу раценкаларын бекитүү боюнча ар бир айылда көчө боюнча чогулуштар өткөрүлүп эл менен макулдашылды, бада баасы бир баш уйга 300 сом, жандык малга 45-50 сом, суугат сууга (айыл ичиндеги бакчалар үчүн) 50 сом, таза сууга ар үйдөн чыккандарга айына 200 сом, ал эми көчөдөн чыккан таза сууга айына 20 сом, таштанды чыгарууга ай сайын үй башына 20 сомдон деп белгиленди. Ушул тарифтен ашыкча акча алынса трактористерге жана бадачыларга айып салынары эскертилди. Жогорудагыларды белгилеп айылдык кеңештин кезектеги XXV -сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2015-жылга айдап себүүгө карата айыл өкмөтү тарабынан иштелип чыккан техникалардын жана бада бааларынын, сугат суу, таза суу, таштандыларды чыгаруу боюнча раценкасы бекитилсин жана түзүлгөн тарифтин негизинде иш алып баруу жагы механизаторлорго, бадачыларга, таза суу боюнча суу технике, суугат суу боюнча мурабка, таштандыларды чыгаруу айыл башчыларына милдетгендирилсин.
2. Үч-Терек айыл өкмөтүнүн 2015-жылга жазгы талаа жумуштарына айдап себүүнүн күнүмдүк иш нормасы күйүүчү жана маилоочу майлардын чыгымдапышы жана тракторлордун күчүнө төлөнүүчү акысы жалпы суммасы 1 га айдоо үчүн 30 л күйүүчү май 1000 сом, малалоо үчүн 10 л күйүүчү май 300 сом.себүү 10 л күйүүчү май 400с, культивация10 л күйүүчү май 400с, агент салуу үчүн 10 л күйүүчү май 300 с, рама салуу 10 л күйүүчү май 300 сом өлчөмдөрүндө бекитилсин.
3. Суугат сууга төлөнүүчү акы 50(элүү) сом, таза сууга төлөнүүчү акы үйдөн чыккан сууларга ай сайын 200 (эки жүз) сом, көчөдөн алган сууларга ай сайын 20 ( жыйырма) сом, таштандыларды чыгарууга ай сайын үй башына 20 (жыйырма) сом өлчөмүндө бекитилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айыл өкмөт башчысынын орун басары Ж.Казимидиновго милдеттендирилсин.
5. Бул токтом wvvw.uch-terek.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
6. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага | Ө. Сулайманов |