Загрузка документа…
ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 26-марты № 122
Үч-Терек айылдык кеңешинин кезектеги XXV-сессиясында Үч-Терек айыл өкмөтүнүн таза суу боюнча суу техниги Ж.Абдыкадыровдун 2014-жыл ичинде жүргүзүлгөн иштери жонүндо маалыматы каралып төмөндөгүдөй ойлор айтылды:
Үч-Терек айылында эң башкы көйгөй болгон ичүүчү таза суу маселеси 30 жылдан ашуун убактан бери каралбай, каралса да чечилбей келе жатат. Айылдагы 1983-жылдары курулган таза суу түтүктөрү азыркы убакта жергиликтүү бийликтин кайдыгерлиги жана айыл элинин да кайдыгерлигинен улам суу түтүкторү мыйзамсыз тешилип, талкаланып эч кандай келишим да түзүлбой таза суу акысы да толөнбой келген. Ошол себептерден бул эң койгойлүү таза суу маселесин тез арада тартипке салуу үчүн кечиктирилгис чаралар корүлүүсү зарыл.
Жогорудагы айтылгандарды белгилеп Үч-Терек айылдык кеңешинин кезектеги XXV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Үч-Терек айыл окмотүнүн таза суу боюнча суу техниги Ж.Абдыкадыровдун 2014-жыл ичиндеги жүргүзүлгон иштери канааттандыраарлык деп табылсын.
2. Үч-Терек айылындагы таза суу түтүктөрүнөн уруксаты жок мыйзамсыз тешип суу чыгарып алган жарандардын суу түтүкторүн кырктырып административдик чара корүү жагы Үч- Терек айыл окмотүнүн башчысына жана суу техниги Ж.Абдыкадыровго милдеттеңдирилсин.
3. Ал эми мыйзамсыз суу түтүкторүн кыркуу учурунда тартипти козомолгоо алуу жагы участкалык инспектор А.Турдукуловго милдеттендирилсин.
4. Суу түтүкторүнон мыйзамдуу суу чыгартуу атайын сессиясынын токтому менен жана айыл окмотүнүн отосунда түзүлгон атайын келишимдин негизинде жүзогө aшырылаары эске алынсын. Ал эми таза сууга болгон төломдордү текшерүүгө алуу жагы башкы caлык инспекторуна милдеттендирилсин.
5. Үч-Терек айылындагы таза суу топтолуучу суу кампаны тазалоо иштери жургүзүлсүн, тазалоо иштерине керектелүүчү шаймандарга жана тетиктерди алмаштырууга акча каражатын өз убагында берүү жагы башкы эсепчи Ш.Сатыбалдиевге милдеттендирилсин.
6. Бул токтомду 2015-жылдын 1-майга чейин аткарууга алууну уюштуруу Үч-Терек айыл окмөтүнүн башчысы Р.Сейдалиевге жана участкалык инспектор А. Турдукуловго .милдеттендирилсин.
7. Үч-Терек айылынын таза суу проектисин 2015-жылдын стратегиялык өнүгүү программасына Киргизии бүткөрүү жагы айыл өкмотүнүн башчысы Р.Сейдалиевге милдеттендирилсин.
8. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлго алуу жагы Агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссияга милдеттендирилсин.
9. Бул токтом www.uch-terek.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
10. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага | Ө. Сулайманов |