Загрузка документа…
ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 26-марты № 123
Үч-Терек айыл аймагына караштуу айылдарда корук маалымда айдоо үлүш жана ижарага алынган (ФПС) жерлерге түшкөн малдарды камоонун учурунда бир күндүк камак акысынын тарифтеринин өлчөмдөрү боюнча Урматаев Тагайбектин сунушун угуп жана талкуулап Үч-Терек айылдык кенешинин VI- чакырылышынын кезектеги XXV-еесеиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Үч-Терек ,Саргага айылдарында 1-апрелден, Кызыл-Ураан айылында 15-апрелден жана Жетиген айылында 1-майдан тартып корукка алынсын.
2. Үч-Терек айыл аймагындагы айылдардагы айдоо үлүш жана ижарага алынган (ФПС), огород жерлерине түшкөн малдарга ар бир камалган күнү үчүн төмөндөгү өлчөмдө камоо акысы алынсын:
Кара малга:(жылкы, уй жана эшектер үчүн) 300 сом
Жандык малга: 100 сом
3. Айыл окмоттүн кенсесиндеги жарнактарды илүү тактасына огород, айдоо, үлүш жерлерине түшкөй малдын камалгандыгы жөнүндо билдирүүсү илинсин.
4. Ар бир айылдарда ФПСтин, үлүш жерлерге огороддорго корук маалында түшкөн малдардын келтирген зыяндарын аныктоо жана жер ээлерине чыгымдарды төлөтүп берүү жагы айыл башчыларына милдеттендирилсин.
5. Эгерде камалган малга кокустук болсо же өлүп калса кепилдик берилбестиги эске алынсын.
6. Айтылган эскертүүлөргө карабастан малы кайра-кайра коруктагы жерлерге түшө берген учурларда коомчулук менен бирге маселени кароо, Айыл окмотүнүн башчысына милдеттендирилсин.
7. Камалган малга чегерилген айып пулду 7 күндүн ичинде төлөп берүү жагы мал ээсине милдеттендирилсин.
8. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Үч-Терек айылдык округунун башчысынын орун басары Ж.Казымидиновко милдеттендирилсин.
9. Бул токтом vvvvw.uch-terek.kg сайтына жарыяланган күндон тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
10. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага | Ө. Сулайманов |