Загрузка документа…
ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 31-марты № 124
Үч-Терек айыл өкмотүндө айыл чарба жерлеринин экспликациясы боюнча айыл чарбасына жарактуу 19664 гектар жери анын ичинен айыл чарбасына жарактуу 2894 га жери бар.
Өткөн жылы жер айдоо структурасынын негизинде 2227 гектар аянтка ар кандай турдөгү айыл-чарба өсүмдүктөрү айдалып себилген жана жыйналын алынган. Алынган айыл-чарба өсүмдүкторүнүн түшүмү бир гана буудай ондүрүүдөн азайганы болбосо калган түрлөрү боюнча индикативдик планда корсөтүлгөн көрсөткүчтор толугу менен аткарылды.
Натыйжада индикативдик планда талаачылыктан 135 млн сомдук айыл чарба продуктуулугун ондүрүү каралса, иш жүзүндө 135 млн. 581миң сом ондүрүлүп, 101 пайызга аткарылган.
2014-жылы айыл чарбасынын талаачылык тармагында айдап себүү оноктүгү кабыл алынган жер структурасынын негизинде жүргүзүлдү же болбосо 192 га буудай, 647 га жүгөрү, 149 га май өсүмдүгү, 390 га картошка, 50 га жашылча, 22 га бахча жана 482 га коп жылдык чоп, жалпысынан 2227 га жер озү-бүздүн техникалардын күчү менен айдалып себилди. Айдап-себүү өноктүгүнө 47 ар кандай маркадагы тракторлор мобилизацияланып, кыска агротехни-калык мөөнөттө бүткөрүлдү. Быйылкы жылы жер планында каралбаган 50 гектар жерге фасоль айдоону дыйкандар практикалашты. Айдалган жерлерге үроон себүү дыйкандар өзүлорү негизинен даярдаган үрөөндөрдү себүү менен бүткөрүштү, ал эми кээ бир үрөөндөр картошканын, дарбыздын. жашыл-чалардын жана беде, эспарцетгин үрөөндөрү сырттан алынып келинип себилди.
Үстүбүздөгү жылы кык чачууну дыйкандар кобүрөөк колдонууга аракет жасашты. Минералдык жер семирткичтердин кымбттыгынан жашылча, бах-чалардап башка өсүмдүктөргө колдонуу дээрлик болгон жок. Тоюттун жана дандын запасын түзүү максатында Үч-Терек жана Саргата айылдарынын жашоочулары көл баскан аянттан 250 гектар чамасында кошумча айдоо аянттарына ар кандай өсүмдүктөрдү айдап-себүүну ишке ашырышты. Үстүбүздөгү жылдын жаз мезгилинен баштап жылдын каткалан кетишинен айыл-чарба өсүмдүктөрүнүн биринчи суугатынан баштап эле, сууга тсуу менен камсыз кылуу койгойү пайда болду.
Сары-Таш өзү агып келүүчү трубадан жылда келүүчү 0,8-1мЗ өлчөмдөгү суунун оордуна 0,2-0,ЗмЗ суу келип, дыйкандарды көп түйшүкө алып келди. Үч-Терек айыл өкмөтү айылдык кеңештин депутаттары, райондук суу тармактар башкармалыгынын адистери менен бирдикте күн сайын рейддерди, түнкү күзөттөрдү уюштуруунун натыйжасында, суугат суунун тартыштыгын жеңилдетүү багытында бир топ уюштуруу иштери жүргузүлдү. Ушундай эле көрүнүш Жетиген. Кызыл-Ураан айылдарында да болду. Чарбалык суу талаш маселесине райондук администрациясынын кийлигишүүсү менен чечилген учурлада болгон.Айыл чарбасынын бир тармагы болгон мал чарбасында сандык жана сапаттык өзгөрүүлор болду. Кыргыз Реепуоликасынын статистика башкармалыгынын буйругу откон жылы мал санактын жыйынтыгы боюнча 1-январь 2015-жылга 4301 кара мал анын ичинен 2369 баш тубар уй, 20028 баш кой эчки, 659 баш жылкы жана 9347 баш канаттуулар катталган же болбосо 2013-жылга салыштырмалуу 8-10 пайызга осүш болгон.
Жалпы мал чарбасынан өткөн жылы план боюнча 220 млн. сомдук мал чарба продукциясы каралса иш жүзүндө 225 млн.126 миң сомдук продукция өндүрүлүп план 102 пайызга аткарылган.
Менчик малдарды ветеринариялык көзөмөлдөө үчүн айыл өкмөткө 1 ветеринардык врач штаттык бирдикте жана 3 ветеринардык врачтар келишимдик негизинде кызмат өтөшөт. Малдарды ветеринардык көзөмөлдоө 2014-жылга түзүлгөн ветеринардык иш чаралардын негизинде жүргүзүлгөн.
2014-жылы малдарды жайлоого кетээр алдында шарп ооруларына карата, бардык ири мүйүздүү кара малдар алдын алуу эмдөөдөн өткөрүлүп жана ушул мезгилге чейин аталган оорулар менен ооруган фактылар болгон жок.
Устубүздогү жылы кой-эчкилердин кара өпкө (фасциеллоз) оорусу катталып, тиешелүү ветеринариялык жана уюштуруу иштеринин жүргүзүлгөндүгунон оорунун жайылып кетиш коркунучу токтотулду.
Ар кандай ооруларга күмөн туулган убактарда олгөн малдардын тиешелүу органдары райондук, республикалык лабороторияларга жөнотүлүп, лабороториянын жыйынтыгына жараша тиешелүү ветеринариялык чаралар колдонулду. Учурда менчик малдарга жугуштуу оорулардын белгилери катталган жок жана ветеринариялык кызматкерлердин толук козөмөлүндө.
Айыл окмот сатылып алынган техни-калардын жардамы менен откон жылы көзгө корүноорлүк иштер аткарылган. Атап айтканда Үч-Терек айылы боюнча иш-чарада кочолөрдү оңдоо, насосторду ремонттоо, каналдарды казуу иштерине 845 миң сомдук иш аткаруу каралса, иш жүзүндө 1,027мин сомдук иштер аткарылган же болбосо Үч-Терек айылында көчогө шагыл төгүү, тегиздоо иштери бүткорүлгөн. Жапар атындагы көчөнүн 30 метр аралыктагы жолуна терендиги 1,5метр, туурасы 8 метрлик жолго шагыл төгүлүп, 400 мм 4 даана труба орнотулду. Саргата насостук станциясынын кыймылдаткычы жаңыдан алмаштырылып, айыл суугат суу менен камсыздалды.
Таза суу маселесинде откон жылы Осмон-Ата участкасынан 160 метр аралыка трубалар жаткырылып, эки булак кошулуп айылды таза суу менен камсыз кылуу иштери жүргузүлдү. Бул ишке 300 мин сом акча каражаты жумшалган.
Уч-Терек айылы боюнча иш-планда кабыл алынган 11 пункттан 10 пункту толугу-менен аткарылып, айылда жаңы курулуп жаткан стадиондун курулушу объективдүү себептер менен 2015-жылдын бүткорүү планына калтырылды жана үстүбүздөгү жылы бул аягына чыгарууга айыл өкмөтгө реалдуу мүмкүнчүлүктор бар. Саргата айылында дагы иш чарада 11 пункттан турган иштерди аткару чаралары каралып 506 мин сомдук иштер долбоорлонгон. Иш жүзүндө Саргата айылында белгиленген иштердин 9 пункту аткарылып 1 млн 354 мин сомдук каналдарды тазалоо, көчөлордү ачуу, көчолөргө шагыл төгүү тeгиздөө, арыктарга труба коюу жана айылга таза суу чыгаруу иштери аткарылган. Кызыл-Ураан айылында өткөн жылы 8 пункттан иш аткаруу белгиленип 350 мин сом өлчөмүндөгү акча каражаты каралса иш жүзүндө 630 миң 677 сомдук иш аткарылган. Айыл боюнча Жээнбеков көчөсүнө көпүро салынып, 150миң сомдук иш аткарылган. Бир калпак участкасына жана 7көчөгө шагылдар төгүлүп тегизделген.
Сасык авто жолун оңдоого 15миң сом сарпталган. Кызыл-Ураан айылында иш-чарада каралган иштердеи Байбиче-Булактын булагын оңдоо иштеринен башкалары аз денгээлинде бүткөрүлдү. Байбиче-Булактын ремонту 2015-жылда бүгкөрүлүүсү каралууда.
Жетиген айылы боюнча 6 пункттан иш чара каралган, булардан эң негизгиси Арал участкасына 3 чакырым аралыктагы жолуна шагыл төгүлүп толугу менен бүткөрүлдү.
Иш чараларга 380 мин сом каралса, иш жүзүндө 394миң сомдук иш аткарылган. Жалпысынан жогоруда аталган иштер айыл өкмөткө келген техникалардын жардамы менен ишке ашырылып 2 млн 914874 сомдук иштер агкарылган. Мындан сырткары элге кызмат кылуудан 1 млн 25миң сомдук акча каражаты түшкон. Үстүбүздөгү жылда чет элдик инвестиция тартуунун негизинде TWИA компаниясынын Кыргызстандагы өкүлчүлүгу Мусажан Макелектин көмөгү менен Кызыл-Ураан айылындагы балдар-бакчасынын имараты толугу менен заманбап ремонтолуп бүткөрүлүп, 75 балага инвентарлар менен камсыздалып, бүгүнкү күндө ачылууга даяр. Балдар-бакчасынын ремонтуна 5 млн.185мин сом акча каражаты каржыланып, инвентарларга болжол менен 500 миң сом каржыланган. Балдар-бакчасынын штат бирдиги Каржы Министрлиги тарабынан он жагына чечилсе бала-бакчанын ачуу мүмкүнчүлүгү бар.
Бүткүл Дүйнөлүк Жаштар уюму Ассамблеясы тарабынан бүгүнкү күндө 60 жетим балдaрга пособие чектелип жыл ичинде 576 мин сом жолок пул алышкан. Мындан сырткары айыл өкмөт боюнча 315 үй-бүлоо жолок пул алуу жөнүндо арыз менен кайрылышкан жана жогорудагы үй-бүлөолөр Мамлекет тарабынан жолок пул менен каржыланган. Кызыл-Ураан айылындагы подстанцияны монтаждоо жана ишке киргизүү иштерине 262 мин сом акча каражаты Министрликтен каржыланган.
Айыл өкмөткө караштуу 5 орто жана 26 ашталгыч мектептердин ремонтуна 192 мин сом инвентар сатып алуусуна 78 миң сом, сапар чыгымдарына 43 мин сом, электр энергиясына 100 мин сом жана ар кандай чыгымдарга 542 миң сом, жалпысынан 1млн. 271 мин сом айыл өкмөт тарабынан каржыланган. Ошондой эле «Чабалекей» жана «Жылдыз» балдар-бакчаларынын ремонт иштерине 92 миң сом, инвентар сатып алуусуна 20 мин сом, ар кандай чыгымдарына 62 миң сом, сапар чыгымдарына 6 мин сом, тамак-ашына 180 мин сом, акча каражаты бөлүнүп берилген. Айыл өкмөттүн айылдарындагы 4 клубунун ремонт иштерине 53 миң сом, инвентар сатып алуусуна 75 миң сом, ар кандай чыгымдарына 47 мин сом. акча каражаты каржыланган. Айыл окмот боюнча өткөн жылы карылар күнүнө карата 14 миң сом. жашоо шартары оор үй-бүлөөлөргө 62 мин 500сом, балдарды кopгоо күнүнө карата 30 мин, торг үй-бүлоого 21 мин сом. чернобыль апатынын катышуучуларына 4 мин 500сом, афган согушунун катышуучуларына 7 мин 500 сом жана башка майрамдык иш чараларга жалпысынан айыл окмот тарабынан 357 мин сомдук акча каражаттары жумшалган. Үч-Терек айыл өкмөтү боюнча жалпысынан откон жылы 27 млн. 763 мин сомдук иштер аткарынган. Үч-Терек айыл өкмөтү боюнча 2014-жылы жалпысынан 405 арыз дагтануулар түшкөн. Мунун ичинен кат жүзүндө 88 арыз, ал эми ооз эки арыз даттануулар 317. Арыздардын көпчүлүгу жер маселесине байланышкан арыздар. Жер маселесине байланышкан арыздарга Архитектура жана райондук Мам.катто белугу менен биргеликте чечилип берилген. Социалдык маселелер боюнча 1З адам -кайрылган, жашоо шарттары оор үй-бүлөөлөргө көмүр тарабынан жардам берилген. Арыз даттануулар боюнча оз убагында жооп берилген.
2014-жылы айыл окмот өзүнө кабыл алган иш чаралардын кээ бирин ар кандай себептер менен толук аткарууга мүмкүн болбой калды. Атап айтсак. Үч-Терек айылындагы Сары-Таш каналына щит коюу, уйларды жасалма кудуруучу куут пунктун уюштуруу, Байбиче-Булагын ремонтгоо жана стадиондун курулушун бүткөрүү сыяктуу иштер аткарылган эмес.
Бул иштерди 2015-жылга пландаштырып аларды аткарууга реаддуу мүмкүнчүлуктөр бap Жогорудагыларды белгилеп айылдык кеңештин XXVI-кезексиз сесеиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2014-жылдын 12 айында Үч-Терек айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык жактан онүгүүсүндө жана эл чарба тармактары боюнча пландык тапшырмаларды аткарууда бир катар иштер жүргүзүлгондүгү белгиленсин жана айыл өкмөт башчысынын очету канаттандырарлык деп табылсын.
2. Айыл аймагындагы мекеме уюмдарга. уч.инспекторлорго, айыл башчыларына төмөндөгү иштерди аткаруу жагы тапшырылсын:
- 2013-2017-жылдары аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн стратегиясына киргизилген жана 2015-жылга аткарылуучу иш чараларын аткарылышын камсыз кылуу;
- экспортко багытталган ондүрүштордү өнүктүрүүгө жана жаныларын түзүүгө инвестициаларды тартуу;
- жергиликтүү бюджетке түшкөп кошумча каражаттардын социалдык секторду колдоого жумшалышын камсыздоо;
- жазгы айдап себүүгө керектелүүчү үрөөндүн эсебин жана жер семирткичтерге болгон муктаждыктарды аныктап чыгуу жагы;
- жазгы талаа иштерине даярдыктарды көрүү айдап себүү жана оруп жыйноо иштерин өз убагында сапаттуу аяктоо, азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууну уюштуруу;
- 2015-жылдын суугат суу сезонуна карата арыктарды, каналдарды тазалатуу, айыл чарба жерлерин айдап себүү өнөктүтүндо канча көлөмдө суу талап кылынарын пландап УОС менен келишимдерди түзүү иштерин жүргүзүү;
- жазгы талаа жумуштарына карата күйүүчү, майлоочу майларды жана үрөөн менен камсыздоо чараларын көрүү;
3. Колдо болгон мүмкүнчүлүктөрдү жана резервдерди пайдалануу менен жазгы айдан себүү жумуштарын мөөнөтүндө аяктоо менен жогорку түшүм aлyy үчүн болгон аракеттерди жасоо жагы айыл башчыларына, жер адисине, статист-экономист С Жолдошовага, айыл өкмөт башчысынын орун басары Ж. Казимидиновго милдеттендирилсин.
4. 2015-жылга ижарага берилген кайра бөлүштүрүү фондусундагы ижара акыларын жерди пайдалануучулардан өндүрүү жагы салык инспекторлоруна, айыл башчыларына милдеттендирилсин.
5. Жарандардын арыз даттанууларына, өтүнүч суроо талаптарына сергек мамиле жасап, өз убагында тийешелүү мекемелер менен бирдикте чечип берүүгө кеңүл буруу жагы айыл өкмөттүн аппаратынын кызматкерлерине милдеттендирилсин.
6. Жугуштуу оорулардын алдын ала болтурбоо чараларын көрүү, балдардын өлумун азайтуу, кургак учукка каршы дарылоо иштерин жүргүзүү жагы ЖДПБ. ГСВ, ФАПтардын башчыларына .милдеттендирилсин.
7. Укук тартибин чындоо жана укук бузуучуларга каршы күрошүү, мектеп окуучуларынын арасында тартипти чындоо боюнча оперативдик иш чараларды иштеп чыгуу боюнча иш жүргүзүү жагы уч.инспекторго, жаш өспүрүмдөр менен-иштөө нспекциясына тапшырылсын.
8. Эл аралык экстремисттик -террористтик диний уюмдарга кирген, алардын мыйзамсыз иш аракеттерине катышууга жаш балдарды тартуусунун алдын ала болтурбоо боюнча коомчулук менен бирдикте иш аракеттер жүргүзүлсүн.
9. Малдардын жугуштуу ооруларынын (бруцеллез, кара сан, шарп ж.б) алдын алуу боюнча чараларды көрүү, лабароториялык анализдерин алып текшерүү, вакцинациялоо иштерин жүргүзүү жагы вет.адис К.Жумабековго милдеттендирилсин.
10. Айыл аймагынын айылдарында айыл чарба малдарынын жана үй канаттууларынын арасында кутурма оорусуна каршы иш чараларды күчотүү менен бирге кара малдарды, ит, мышыктарды кутурма оорусуна каршы эмдөөдөн толук өткөрүү жагы вет.адис К. Жумабековго милдеттендирилсин.
11. Жеке.- вет.адистер менен вет.врач К.Жумабековдун ортосунда келишимдер түзүлсүн жана түзүлгөн келишимде алардын элге кызмат көрсөтүүдөгү милдеттери толук көрсөтүлсүн.
12. Улуу Ата Мекендик Согуштагы Жеңиштин 70-жылдыгын майрамдоого даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча иш чаралар көрүлсүн жана Жеңшнтин 70 жылдык тарыхы боюнча мектептерде семинар, ачык сабактарды жана жолугушууларды китепканаларды китеп көргөзмөлөрүн, майрамдык концерттерди уюштурун өткөрүү жагы мектеп директорлоруна, айыл окмөтунө, клуб, китепкана башчыларына милдеттендирилсин.
13. Үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адамдарга социалдык колдоо көрсотүү жаңа үй-бүлөлүк зомбулуктан социалдык укукту коргоо жөнүндөгү кабыл алынган мыйзам жөнүндө эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жана иш чараны аткарууга алуу жагы мектеп директорлоруна, коомдук уюмдарга, соц.кызматкерлерге. уч. инспекторго милдеттендирилсин.
14. Балдарга карата зордук зомбулукка кабылган балдарды жана үй-бүлөлөрдү изилдөө иштерин жүргүзүү жагы соц.адис Г.Жусукеевага милдеттендирилсин.
15. Дене-тарбия жана спорту өнүктүрүүдө аймактык денгээлде ар кандай спорттук мелдештерди уюштуруу жана өткөрүү жагы айыл өкмөттүн жаштар кенеши жана дене-тарбия мугалимдери менен бирдикте уюштурулсун.
16. Кыргыз Реепубликасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жонүндө» мыйзамы Кыргыз Республикасынын жарандарынын конституциялык парзын жана мекенди коргоо боюнча милдеттин ишке ашыруу максатында аскердик милдетке, аскердик жана альтернативдик кызматка тийешелүү болгон коомдук милдеттерди аткарууга алуу жагы аскер учет кызматкерлери С. Бектенбаевге. О.Эпековго,Д. Разиевге милдетгендирилсин.
17. Бул токтомдун аткарылышын көшмөлгө алуу жагы айылдык кенештин торагасынын орун басары М.Чолпонкуловго танышырлсын.
18. Бул токтом www.uch-terek.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
19. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага | Ө. Сулайманов |