Загрузка документа…
ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 31-марты № 125
Үч-Терек айыл аймагынын соц.адиси Г.Жусукееванын 2014-жыл ичинде жүргүзгөн иштери жөнүндөгү билдирүүсүн Үч-Терек айылдык кеӊешинин VI-чакырылышынын соц маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын отурумунда каралып талкуулангал билдирүүсү жөнүндө туруктуу комиссиянын торагасы Т.Акылбековтун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Үч-Терек айылдык кеӊешинин VI чакырылышынын кезексиз XXVI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Үч-Терек айыл өкмөтүнун соц.адиси Г.Жусукееванын 2014-жыл ичинде жүргүзгөн иштери канааттандыраарлык дел табылсын.
2. Ата-энеси менен бирге жашаган жөлөк пул алууга муктаж үй-бүлөөлөргө жөлөк пул чегертүү жагын аныктап корутунду чыгарып берүү боюнча атайын комиссия түзүлсүн.
3. Айылдарда социалдык абалы начар үй-бүлөөлөрдү тактоо жүргүзүлсүн.Балдарды коргоо күнундө жардамга муктаж балдарга колдоо көрсөтүүнү уюштуруу жагы соц.адис Г.Жусукеевага милдеттендирилсин.
4. Электр энергиясын жана коммуналдык кызмат акыларын төлөөгө аз камсыз болгон, шарты жок үй-бүлөөлөргө айыл окмотүнүн соц.адиси тарабынан аныкталып жардам көрсөтүү иш чаралары, плтандары иштелип чыксын.
5. Айыл өкмөтү боюнча пособиенин түрлөрүн алуучуларга өз убагында жардам көрсөтүү жагы соц.адистерге милдеттендирилсин.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Үч-Терек айылдык кенешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссияга милдеттендирилсин.
7. Бул токтом www.uch-terek.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
8. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага | Ө. Сулайманов |