Загрузка документа…
ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 31-марты № 126
Үч-Терек жайыт комитети «Жайыттар» жөнүндөгү мыйзамдын негизинде жайыттарды пайдалануу боюнча жайыт жерлерин жайыт пайдалануучулардын жазган арыздарына ылайык жайыт билеттери берилип, жайытты сарамжалдуу пайдалануу үчүн түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, эки тараптуу келишимдер түзүлүп берилүүдө. Былтыркы 2014-жылы жайыт пайдалануучуларга 81 адам менен келишим түзүлүп жайыт билеттери берилген. Жайыт комитетинин 2014-жылы бюджетинде планда көрсөтүлтөн 829570 сом бекитилген болсо жалпы 680140 сом чогултулган. Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жайыт комитетинин бюджети 2014-жылда Айылдык Кеңештин сессиясында 829570 сом макулдашылып бекитилген. Планда көрсөтүлгөн акча каражаты 2015-жылдын 1-январына 82% аткарылды. Мындан жергиликтүү бюджетке 167 мин сом акча каражаты чегерилип которулган.
Айлык акы үчүн 169 мин сом акча каражаты жумшалды. Жайыт комитетинин социалдык фондго камсыздандыруу үчүн 35000 мин сом сатуудан түшкөн салык 3%-9300 сом чегерилип которулду. Жайыт жерлерге, жайлоолорго баруу жайыт пайдалануучуларга жакшы шарт түзүү учүн, жайыт инфраструктурасын жакшыртуу максатында 108000 сом акча каражаты жумшалды. Мындан Кара-Көл жайыттары боюнча «Кормал» жайлоосуна маллдар суу ичүү үчүн ноо курууга 13000 сом бөлүнүп ноо курулуп берилди.Ак-Сай, Кайынды жайлоосунун жолун тазалоо, сел алган жерлерди ондоого 27000 мин сом акча каражаты жумшалып, ондоо, түзөө иштери жүргүзүлдү.
Үч-Терек жайыт пайдалануучуларынын сунушун колдоо, планда каралган иш-чарадарды буткорүу максатында: Чон-Көлдүн жайлоосуна баруучу жолдордун черлерин .тазалоо Чон-Көлдүн суусуна суудан өтүүгө көпүрөө куруу үчүн экотехинспекциядан, Токтогул токой чарбасынан уруксат алып 35000 мин сом акча каражаты болүнүп, атайын адамдар уюштурулуп келишим баа менен иштеп келишти. Сасык жолун оңдоо үчүн автогрейдер жүргүзүлүп, 10 000 мин сомдук иш бүткөрулгөн. «Шылдырак» жайлоосуна баруучу ички чарбалык көпүролордү оӊдоо учуп 23 000 сом каралып, көпүрөлөр оңдолуп бүткорүлгон.
2014-жылы жайыт пайдалануучулар менен жайлоодо ар бири менен өз ара сүйлөшүү, карта боюнча чектерин аныктоо үчүн жайлоого барып, жайытты тура пайдалануу максаттары айтылды.
Жогорудагыларды белгилеп Үч-Терек айылдык кеңешинин кезексиз XXVI-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Үч-Терек жайыт комитетинин 2014-жылдагы жүргүзгөн иштери канаттандыраарлык деп табылсын.
2. Үч-Терек жайыт комитетинин 2014-жылдагы планда көрсөтүлгөн иштери өз деңгээлинде аткарылбагандыгы жайыт билеттери толук берилбегендиги эске алынып, жайыт комитетинин жоопкерчилиги күчөтүлсүн.
3. Алыскы жайыттарга баруучу жолдорду оңдоого каражатты өз убагында бөлүү жагы жайыт комитетине жүктөлсүн жана жоопкерчилиги суралсын.
4. Жайыт акы, жайыт жери үчүн салыктар мал алып чыккан жайыт пайдалануучулардан 2-квартал ичинде толотүп бүткорүү жагы жайыт комитетинин төрагасы Ж. Сатыбаевге милдеттендирилсин.
5. Жайыт пайдалануучуларга алдын ала жайыт билеттери берилип алар менен келишим түзүлсун жана жайыттарды маршуруттары көрсөтүлсүн. Жайыттардын абалын жакшыртуу максатында которуштуруп жаюу, менен жайыт билети жок жайыт пайдалануучулардын жоопкерчиликтери суралып, административдик чара көрүлсүн. Жакынкы, алыскы, ортоңку жайыттарды максаттуу пайдалануу жагы жайыт комитетине милдеттендирилсин.
6. 2015-жылдын жайыт комитетинин бюджети 625 920 ( алты жүз жыйырма беш мин тогуз жүз жыйырма) сом болуп бекитилсин.
7. Ар бир малдын башына уйга-75сом, жылкыга – 90 сом, кой-эчкиге 15 сомдон төлөө жагы белгиленсин.
9. Бул токтомдун аткарылышын козомолгө алуу жагы Айыл окмот башчысына жана агрардык туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
10. Жайыт комитетинин кызыкчылыгы үчүн карышкыр атууга жайыт комитетинин бюджетинен акча каражатын карап болүп берүү жагы жайыт комитетинен суралсын.
11. Бул токтом www.uch-terek.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
12. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага | Ө. Сулайманов |