Загрузка документа…
ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 31-марты № 127
Үч-Терек айыл өкмөтү боюнча 2015-жылга жалпы жергиликтүү жана Республикалык бюджеттин киреше булагы долбоор боюнча 10253,7 мин сомду түзөт. Мунун ичинен: Жергиликтүү бюджеттен салык жана башка ар түрдүү кирешелерден 8389.2 мин, сом. Республикалык бюджеттен теңдөөчү гранттан 794,5 мин сом. Атайын каражаттан 1070,0 миң сом.Бардыгы 10253,7мин сом.
Жергиликтүү бюджеттен түшүүчү 8389,2 мин сом томондөгү булактардан чогулат. Салык агенттеринен алынуучу киреше 3290.0 миң сом. Патентинен алынуучу киреше 471,0 мин сом. Жеке тараптардан алынуучу салык 210 мин сом. Юридикалык тараптардан алынуучу жер салыгы 1396,2 мин сом. Мунун ичинен: Айыл чарбасына багытталбаган жер салыгы 1115.0 мин сом. Айыл чарбасына багытталган жер салыгы 281,2 мин сом Мамлекеттик жыйымдан алынуучу салык 25,0 миң сом. Сатуудан алынуучу салык 2465,0 миң сом. Кыймылдыуу мүлк салыгы (транспорт) 210,0 мин сом. Кыймылсыз мүлк салыгы 12,0 мин сом. Кайра болүштүрүү фонд ижара жер салыгы 285,0 мин сом. Жакынкы жайыт салыгы 5,0 мин сом. Милдеттүү патент салыгы 10,0 мин сом. Бардыгы 8389,2 мин сом
Атайын каражаттан 1070,0 мин сом. Жалпы айыл окмот боюнча 10253.7 миң сом.Жергиликтүү жана Республикалык бюджеттен тушкон акча каражаты 10253,7 мин сом акча каражаты сметалык чыгым боюнча төмөндөгү тармактарга жумшалат. Республикалык бюджеттен теңедештирүү грант маданият тармагына (клуб) 794,5 мин сом. Жергиликтүү бюджеттен: Аппарат 6603,4 мин сом. Библиотекалар 565,1 мин сом. Клубдар 348.0 мин сом. Орто мектептер 130.0 миң сом. Бала-бакчаларга 635,0 мин сом. Башталгыч мектептерге 23,0 мин сом. Женилдиктер 84,7 мин сом. Бардыгы 9459,0 мин сом.
Атайын каражаттан: аппарат учун эмгек акы 476,0 мин сом. Бала-бакчаларга 594,0 мин сом.Бардыгы 1070,0 мин сом. Бардык чыгым атайын каражатты кошкондо айыл өкмөт боюнча 10253,7 мин сомду түзөт. Жогорудагыларды белгилеп айылдык кеңештин кезексиз XXVI-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Уч-Терек айыл өкмөтүнүн 2015-жылдык бюджетинин киреше бөлүгүнүн жалпы суммасы 10253.7 миң сомго бекитилсин. Мунун ичинен: салык агенттеринен алынуучу киреше 3290.0 миң сом. Патенттин негизинде алынуучу киреше 481,0 миң сом.Жеке тараптардан алынуучу салык 210,0 мин сом. Юридикалык тараптардан алынуучуу жер салыгы 1396,2 миң сом. Мунун ичинен: Айыл чарбасына багытталган жер салыгы 281,2 мин сом. Айыл чарбасына багытталбаган жер салыгы 1115 0 мин сом. Мамлекеттик жыйымдан алынуучу салык 25.0 миң сом. Сатуудан алынуучу салык 2465,0 мин сом. Кыймылдуу мүлк салыгы (транспорт) 210,0 мин сом. Кыймылсыз мүлк салыгы 12,0 мин сом. Кайра болүштүрүү фонд ижара жер салыгы 285,0 мин сом. Жакынкы жайыт алыгы 5.0 мин сом. Милдеттүү патент салыгы 10,0 мин сом. Атайын каражаттан 1070,0 миң сом. Тендештирүү гранттан 794,5 миң сом. Бардыгы 10253,7 мин сом.
2. Үч-Терек айыл өкмөтүнүн 2015-жылдагы бюджети жалпы 10253,7 мин сомго бекитилсин.
3. Ар кандай мекеме уюмдарга берилүүчү тактамалардан алынуучу гос. пошлина 10 сом өлчөмүндө 1-январдан баштап бекитилсин.
4. Үч-Терек айылынын таза суу проектисине 680 000 (алты жүз сексен мин) сом акча аражаты болүнүп берилсин.
5. Айыл өкмөттүн 2015-жылга бюджеттин жетишпессиздигине байланыштуу кошумча электр энергиясына 3500,0 (үч миллион беш жүз мин) сом, көмүр сатып алуу үчүн 300,0 (үч миллион) сом. Айыл өкмөттүн ар кандай чарбалык жумуштарына 1100.0 (бир миллион бир жүз миң) сом мектептердин ремонт иштери үчүн 1800.0 (бир миллион сегиз жүз миң) бардыгы 7380,0 (жети миллион үч жүз сексен мин) сом акча каражатын карап берүү жагы жана жардам берүү жагы Токтогул райондук финансы болүмүнөн суралсын.
6. Сметада каралган акча каражаттарын статьялар боюнча өз багытында жумшоо жагы башкы бухгалтер Ш.Сатыбалдиевге милдеттендирилсин.
7. Бул токтом www.uch-terek.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
8. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага | Ө. Сулайманов |