Загрузка документа…
ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 31-марты № 128
Үч-Терек айыл өкмөтү боюнча 2014-жылга жалпы бюджет 14131,2 миң сомго бекитилген. Мунун нчинен: Жергиликтүү бюджет 6471,2 миң, сом. Тендештирүү гранттан 6596,3 миң сом. Атайын киражаттан 1063,7 миң сом. Баардыгы 14131,2 миң сом.
Үч-Терек айыл өкмөтүнүн 2014-жыл ичинде накталай бюджетинин аткарылышы 17596,6 мин, сомго аткарлыган. Мунун ичинен жергиликтүү бюджет 8464,5 миң сом. Теңдештирүү гранттан 6596,3 мин сом.Атайын каражат 2535.8 миң сом. Бардыгы 17596,6 мин. сом.Жергиликтүү бюджет план боюнча 6471,2 мин сом каралса накталай 8464, 5 мин сом болуп 130,8 %ке аткарылган 1993,3 мин сомго ашык аткарылган. Теӊдештирүү грант боюнча план 6596,3 мин сом, накталай 6596,3 мин сомго 100% ке аткарылды. Атайын каражат 1063,7 мин сом пландаштырылса, накталай 2535,8 мин сомго аткарылып 238,4 % ке ашыкча 1472,1 мин сомго аткарылган. Жалпы айыл окмот боюнча план 14131,2 миң сом болсо накталай 17596,6 мин сом болуп 124.5 % ке ашыкча 3465,4 мин сом болгон.
Жогорудагыларды белгилеп Үч-Терек айылдык кенешинин кезексиз XXVI-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Үч-Терек айыл өкмөтүнүн 2014-жылдын бюджетинин аткарылышы кетирилген кемчиликтери менен канаттандыраарлык деп табылсын.
2. 2014-жылдагы аткарылбай калган милдеттемелерди жоюу жагы башкы бухгалтер Ш.Сатыбалдиевге милдеттендирилсин.
3. Бул токтом www.uch-terek.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
4. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага | Ө. Сулайманов |