Загрузка документа…
ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 31-марты № 129
Үч-Терек айыл өкмөтүнүн алдында түзүлгөн Үч-Терек инженердик техникалары Муниципалдык ишкананын элге кызмат кылуудагы жаңы тарифтерин бекитүү жөнүндөгү Үч-Терек айылдык кенешинин Агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиянын отурумунда угуп жана талкуулап Үч-Терек айылдык кеңешинин кезексиз XXVI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Үч-Терек айыл өкмөтүнүн алдында түзулгөн Үч-Терек инженердик техникалары Муниципалдык ишкананын элге кызмат кылуудагы жаңы тарифтери бекитилсин. (тиркеме тиркелет).
2. Үч-Терек инженердик техникалары Муниципалдык ишкананын 2015-жылга түзүлгөн иш планы кошумча алымчасы менен бекитилсин (тиркеме тиркелет).
3. 2015-жылга техникаларды ишке чыгарууда айдоочулары менен эмгек келишимдери түзүлсүн.
4. Түзүлгөн иш пландын бекитилген тарифтеринин негизинде иш жүргүзүү жагы Үч-Терек инженердик техникалары Муниципалдык ишкананын жетекчиси Б.Ажыкуловго, инженер ПТО Ысабаевага милдеттендирилсин.
5. Үч-Терек инженердик техникалардын Муниципалдык ишканасынын 2015-жылга бюджети 6.200 000 (алты миллион экг. жүз миң) сом болуп бекитилсин.
6. Бул токтом www.uch-terek.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
7. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды
Төрага | Ө. Сулайманов |