Загрузка документа…
НОВО-ПОКРОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 19-марты № 48/XII-27
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн коллегиялык аппаратынын чечимин ишке ашыруу максатында, Ново-Покровка айылдык округдун башчысы М.Ч. Кыдыкеевдин "2017-жылдын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыгы жана 2018-жылга маселелер жөнүндө" баяндамасын угуп жана талкуулап, Ново-Покровка айылдык аймактын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ново-Покровка айыл аймактын башчысы М.Ч.Кыдыкеевдин "2017-жылдын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыгы жана 2018-жылга маселелер жөнүндө" маалыматын эске алып, ишин канааттандырарлык деп табылсын.
2. Ново-Покровка айылдык Кеңештин 2017-жылга социалдык-экономикалык өнүгүү иш чараларын, 2018-жылга маселелер № 1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Ново-Покровка айыл өкмөтү:
- 2.5% айыл чарба жалпы продукциясын өсүшүн камсыз кылсын жана айыл чарба
продукциясы боюнча максаттуу көрсөткүчүн аткарсын;
- өсүмдүктөр продукциясын өндүрүүсүн жогорулатуу, дан өсүмдүктерүн себүү
иштерин үзгүлтүксүз жүргүзсүн.
- кичине дыйкан чарбаларын чоц айыл чарба кооперативдерине бекемделиши
- боюнча иш жүргүзсүн
- өз убагында өнөкөт инфекция оорусу менен ооругандарды табуу, алдын алуу,дарылоо, ошондой эле оорулар чыккан жерлерди( туберкулез,бруцеллез) эпидемиологиялык иш чаралар өткөрүлсүн.
4. Ново-Покровка айыл окмөтүнүн каржы-экономика башчысына:
- бюджетке салык жана салык эмес төлөмдөрдүн толук төлөнүшүн убагында
төлөнбөй калган салыктардын кыскарылышынан, административдик
салыктардын жакшыртылышынан камсыз кылсын
- Бюджеттик каражаттардын багыттуу сарпталышын, өзгече корголгон
беренелерге сапталган бюджеттик каражаттарды көзөмөлгө алып, камсыз кылсын.
- Айыл чарбага багытталган жер тилкелеринин салыгын максималдуу чогултулушун камсыз кылсын.
5. Социалдык суроолор жана социалдык коргоо боюнча жетектоөчү адиске:
- кем карчтуу үй-бүлолөр менен иштөө сапатын , ошондой эле майып, жалгыз жашаган жарандарды социалдык жактан тейлеө иштеринин сапатын жогорулатсын;
- милициянын участоктук кызматкерлеринин иштерин, социалдык-психологиялык кызматтардын, коомдук-профилактикалык борборлордун, аксакалдар сотунун, "тобокел" балдар жана үй-бүлөлөр менен социалдык иштөө комиссияларынын иштерин активдештирсин;
- балдардын укугун, мыйзамдуу кызыкчылыгын коргоо системасынын мүмкүнчүлүгүн күчөтүү максатта алдын алуу иш чараларына көңүл бурулсун;
- дене тарбия жана спорт, жаштар саясатын өнүктүрүү боюнча иш чаралары күчөтүлсүн;
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдеө Ново-Покровка айыл өкмөтүнүн башчысы М.Ч.Кыдыкеевге жүктөлсүн.
Төрага | Э.М. Абдыкеримов |