Загрузка документа…
АМАНБАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 17-апрели № 5
Аманбаев айылдык Кеңеши С.Барпиевге тиешелүү 2002-2007 жылдары атайын администратор (ликвидатор) Эшенкулов А тарабынан берилген К-2200/6,6 га К- 1956/2,5 га К-1812/3,3 га контурларында жайгашкан жерлер токой тилкелери деп сатылган,К-1135/11,8 га контурунда бак сатылган. Ушул маселени карап жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Атайын администратор (ликвидатор) А. Эшенкуло тарабынан С.Барпиевге берилген жерлердин К-2200/6,6га,К-1956/2,5га,К-1812/3,3га мыйзамдуулугу жана баштапкы багыттарын тактоо, Кара-Буура райондук прокуратурасына өткөрүлсүн.
2. Бак тилкеси деп алынган жерди,айдоо жер катары колдонуп жаткан С.Барпиевге укуктук баа берилсин.
3. Мамлекеттик каттоо мекмеси аркылуу С.Барпиевге берилген жерлер толук текшерилсин.
4. Токтомдун аткаруу жагына айыл өкмөт башчысы М.Темирбековго милдеттендирилсин
5. Токтомдун аткарылышынын көзөмөлүн өзүмө калтырам.
Төрага | Джеенчороев К.С |