Загрузка документа…
АМАНБАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 17-июлу № 2
Аманбаев айылдык Кеңеши КР Президентинин аймактарды өнүктүрүү жөнүндөгү токтомун аткаруу үчүн, айыл өкмөтү тарабынан уюштурулган иш-чараларды талкуулап маалыматын угуп
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл аймакты өнүктүрүү, жеке ишкерлерди колдоо максатында, өздөштүрүү, жашылдандыруу үчүн жер сурап кайрылган жергиликтүү тургундардын арыздары КР мыйзамдарынын негизинде канаттандырылсын.
2. Жашылдандыруу, өздөштүрүүгө берилүүчү жерлер, айыл өкмөтүнүн алдында түзүлгөн комиссия аркылуу ишке ашырылсын.
3. Өздөштүрүү, жашылдандырууга берилген жерлердин жер салыгы, категориясына карабай, сугат жерлердин базалык ставкасына теңдештирилсин
4. Токтомду аткаруу айыл өкмөт башчысына милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.
Төрага | Джеенчороев К.С |