Загрузка документа…
БЕКМОЛДО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 16-октябры № 102
Бекмолдо айылынын тургуну Алтымышов Мараттын жазган кайрылуусун карап жана талкуулап чыгып, Бекмолдо айылдык Кеңешинин кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бекмолдо айылынын тургуну Алтымышов Мараттын жазган кайрылуусу канааттандырылсын.
2. Бекмолдо айыл өкмөтүндөгү “Улакчы ” балбандардын жана жазында өтүүчү Кыргызстандын жана Талас облусунун биринчиликтерине даярдык машыгууларды өткөрүү үчүн 62 000 (алтымыш эки мин ) сом акча каражаты 2017-жылдан ашыкча калган акчанын эсебинен бөлүнүп берилсин.
3. Бул токтомдун аткаруу жагы Бекмолдо айыл өкмөтүнөн башчысы К.Молдобековго милдеттендирилсин.
Төрага | А. Ибраимов |