Загрузка документа…
БЕКМОЛДО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 16-октябры № 107
Бекмолдо айыл аймагынын электриги Ибраимов Айдарбектин жазган кайрылуусун карап жана талкуулап чыгып, Бекмолдо айылдык Кеңешинин кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бекмолдо айыл аймагынын электриги Ибраимов Айдарбектин жазган кайрылуусу канааттандырылсын.
2. Кара-Ой айылындагы кичи футбол аянтчасына электр жабдууларды алуу үчүн 42 000 (кырк эки мин ) сом акча каражаты 2017-жылдан ашыкча калган акчанын эсебинен бөлүнүп берилсин.
3. Бул токтомдун аткаруу жагы Бекмолдо айыл өкмөтүнөн башчысы К.Молдобековго милдеттендирилсин.
Төрага | А. Ибраимов |