Загрузка документа…
АКНАЗАРОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 13-июлу № 1
Акназаров айыл аймагынын жана чектеш айыл аймактарынын жашоочуларынын ОсОО “Полюс Голд Кей Джи” компаниясынын Урмарал өзөнүндөгү алтын кен казуу иштерин жүргүзүүгө каршы болуп жаткан нааразычылыктарын жана массалык толкундоолорунун негизинде Акназараов айылдык кенешинин 31-чакырылыштагы депутаттарынын 2018-жылдын 15-июнунда кезексиз 14-сессиясында түзүлгөн депутаттык комиссиянын аныктамасын карап чыгып талкуулап.
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Акназаров айылдык аймагынын жана чектеш айыл аймактарынын жашоочуларынын ОсОО “Полюс Голд Кей Джи” компаниясынын Урмарал өзөнүндөгү алтын кен казуу иштерин жүргүзүүгө каршы болуп жаткан нааразычылыктары жана массалык толкундоолору эске алынсын.
2. Акназараов айылдык кенешинин 31-чакырылыштагы депутаттарынын 2018-жылдын 15-июнунда кезексиз 14-сессиясында түзүлгөн депутаттык комиссиянын корутундусу жетекчилике алынсын.
3. Акназараов айылдык кенешинин 31-чакырылыштагы депутаттарынын кезексиз 13- сессиясында 2018-жылдын 22-майындагы № 1 чыгыш сандуу токтому жокко чыгарылсын.
4. Токтом жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
Төрага | Р. Рысматов |