Загрузка документа…
ОРЛОВКА ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 19-октябры № 82/13-27
Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Мыйзамынын 31-беренесине ылайык, ошондой эле мэриянын маалыматын эске алуу менен, төртүнчү бирдигин толук иштетүү үчүн жана балдарды кабыл алуу үчүн, Орловка шаарынын Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кошумча чыгымдардын сметасы бекитилсин:
- "Лесная сказка" бала бакчасына жабдууларды жана инвентарларды сатып алуу үчүн - 3600,0 миң сом өлчөмүндө;
- жылуулук төлөмүнө- 1000,0 миң сом өлчөмүндө.
2. "Лесная сказка" бала бакчасына алына турган жабдуулардын жана инвентарлардын тизмесин карап чыгуу иштери бюджет жана каржы боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
З. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджет жана каржы боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына-И.А.Мурзалиевге жүктөлсүн.
Төрага | Д.С. Сарбаев |