Загрузка документа…
ОРЛОВКА ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 19-октябры № 84/13-27
Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Мыйзамынын 31-беренесине ылайык, ошондой эле Орловка шаарынын мэринин берилген маалыматын угуп жана талкуулап "Кемин Келечеги" Коомдук фондунан 1499,347 миң сом өлчөмүндө кирүүчү акча бөлүштүрүү боюнча, Орловка шаарынын Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кемин келечеги" Коомдук фондунан кирүүчү 1499,347 миң сом өлчөмүндө келген акча каражаттарын кабыл алуу.
2. Бул акча каражаттарын "Ромашковый сад" бала бакчасынын имаратын ремонттоо жана жылытуу системасын орнотуу үчүн 1499,347 миң сом өлчөмүндө жиберилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Орловка шаарынын мэрине Б.А.Чанчаровко жүктөлсүн.
Төрага | Д.С. Сарбаев |