Загрузка документа…
ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 31-марты № 130
Үч- Терек айылдык кеңешинин кезексиз XXVI- сессиясында социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын мүчөсү,депутат Ажыкулов Байыш Айтикеевич сөз алып сүйлөп төмендөгү, маселе боюнча сунуш кылды:
Үч- Терек айыл өкмөтүнө жана жайыт комитетине, «Үч-Терек инженердик техникалары» . муниципалдык ишканасына юрист кызматы өтө зарыл экендигин белгилеп төмөндөгүлөргө токтолду. Айыл өкмөтүндо буйрук, токтомдордун мыйзам чегинде туура толтурулушун жолго коюуда жана ар кандай талаш тартыш маселелерин чечүүдө, ошондой эле жайыт комитетинде дагы бир топ талаш-тартыш маселелер болот экен. Булардан сырткары биздин «Үч-Терек инженердик техникалары» Муниципалдык ишканасын дагы юридикалык жактан коргоп документ иштерин тейлөөчү юристтин кызматы ото зарыл болуп турат. Ошондуктан айыл өкмотүно бир юрист адисин келишимдик негизде жумушка алалы. Жогорудагы депутат Ажыкулов Байыш Айтикеевичтин сунушун Үч-Терек айылдык кеңешинин кезексиз XXVl-сессиясы карап көрүл, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Үч- Терек айыл өкмөтүнө жана Үч-Терек айыл өкмөтүнүн жайыт комитетине, «Үч-Терек инженердик техникалары» Муниципалдык ишканасына бир юрист адисин келишимдик негизде жумушка алуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Сейдалиевге милдеттендирилсин.
2. Үч-Терек айыл окмотүно жана жайыт комитетине, «Үч-Терек инженердик техникалары» муниципалдык ишканасына юрист кызматына М.Чолпонкулов сунуш кылынсын.
3. Жумушка алынган юрист адисине эмгек акысы Үч-Терек айыл өкмөтунүн атайын эсебинен жана жайыт комитетинин эсебинен, ошондой эле «Үч-Терек инженердик техникалары» Муниципалдык ишканасынын атайын эсебинен төлөнүл берилүүсү каралсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
5. Бул токтом www.uch-terek.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
6. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага | Ө. Сулайманов |