Загрузка документа…
ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 31-марты № 131
Матмусаев Болотбек Мырзабекович 1966-жылы 1-январда Токтогул районуна караштуу Кызыл-Ураан айылында жумушчунун үй-бүлөөсүндө туулган, билими жогорку, улуту кыргыз.
1983-жылы Кызыл-Ураан орто мектебин ийгиликтүү аяктаган. 1984-1986-жылдары Советтик Армиянын катарында кызмат өтөп келген. 1989-жылы Фрунзедеги Кыргыз Мамлекеттик университетине тапшырып, 1994-жылы экономист адистигине ээ болгон.
Эмгек жолун Токтогул райондук даярдоо канторасында баштап, райондук казынада, соц. фонддо эмгектенген.
1997-жылдан өмүрүнүн акырына чейин Сары-Камыш айыл өкмөтундө башкы бухгалтер болуп иштеген.
Матмусаев Болотбек Мырзабекович 1998-жылы жол кырсыгынан улам каза тапкан.
Кызыл-Ураан айылынын Кара-Кечүү участкасынын тургундарынын жалпы чогулушунун протоколунун негизинде Үч-Терек айылдык кеңешинин мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Д.Бекжановдун сунушун карап, талкуулап Үч-Терек айылдык кеңешинин кезексиз XXVI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1 Кызыл-Ураан айылынын Кара-Кечүү участкасындагы Үч-Терек- Өзгөруш авто жолунун түштүк тарабындагы Калманбетов Максатбектин үйүнөн Кулов Кумарбектин үйүнө чейин Матмусав Болотбектин ысымы ыйгарылсын.
2. Аталган көчөнүн үйлөрүнө үй номерлерин ирээти менен илүү, көчөнүн тазалыгына көңүл бөлүү, жарыктандыруу жана жолдорун оңдоп түзөө жумуштарын көзөмөлгө алып жыл сайын аткарыл туруу жагы маркум Матмусаев Болотбек Мырзабековичтин үй-бүлөөсүнө милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Үч- Терек айылдык кенешинин төрагасынын орун басары М. Чолпонкуловго тапшырылсын.
4. Бул токтом www.uch-terek.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
5. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага | Ө. Сулайманов |