Загрузка документа…
ШОПОКОВ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 28-майы № 62
Шопоков шаардык мэриясынын салыкты чогултуу боюнча башкы адиси Токтогулова Ч.Т маалыматын угуп жана талкулоо менен Шопоков шаардык депутаттар Кеңеши :
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Шопоков шаардык мэриясынын салыкты чогултуу боюнча башкы адисинин аткарылган иштери тууралуу маалыматы эске алынсын.
2. Мэриянын салыктарды чогултуу боюнча инспекторлору салык төлөөдөн баш тарткан адамдарды айланып өтүп кайра чогултууну жүргүзүү жана жергиликтүү салыкты ар тараптан милдеттүү түрдө чогултуу камсыз кылынсын .
3. Шопоков шаардык мэриясынын бюджетинин киреше бөлүгүн калыптандыруу жана кошумча булактарды табуу иштери улантылсын
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Шопоков шаарынын мэри Умаралиев С.К жүктөлсүн.
Төрага | Тилебек уулу Эмилбек |