ШОПОКОВ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Шопоков шаардык депутаттар Кеңешинин IX чакырылышынын XIII сессиясы
2018-жылдын 11-сентябры № 78
«Акча каражатын бѳлүп берүү жѳнүндѳ»
Кырыгыз Республикасынын «Жергиликтүү ɵз алдынча башкаруу жɵнүндɵ» Мыйзамынын 13-беренесине ылайык жана Кыргыз Республикасынын жергиликтүү ɵз алдынча башкаруулардын Союзунун Союзга мүчɵлүк тɵлɵмдɵрдү тɵлɵп берүү боюнча кайрылууларын карап чыгып, талкуулоо менен Шопоков шаардык депутаттар Кеңеши:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Шопоков шаардык мэриясы Кыргыз Республикасынын жергиликтүү ɵз алдынча башкаруулардын Союзуна мүчө болуп кирсин.
2. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү ɵз алдынча башкаруулардын Союзуна жылына 1 жолу 5000 (беш миң) сом бөлүнүп берилсин.
3. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү ɵз алдынча башкаруулардын Союзу менен иш алып баруу Шопоков шаардын мэри Умаралиев С.К жүктөлсүн.
Төрага | Тилебек уулу Эмилбек |