Загрузка документа…
КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 13-февралы № 27-19/1
"Ак-Суу Арашан" КБнин төрагасы А.С.Джаныбековдун, 2017-жылдын 29-декабрындагы, кир.№ 01-7/652 катын карап жана талкуулап, тарыхый мурастарды сактоо, Арык-мырзанын сиңирген эмгегин баалоо максатында, жерди пайдалануу, архитектура, курулуш жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин Президиумунун чечимин эске алуу менен, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин XXVII чакырылышынын XIX сессиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каракол шаарынын мэриясы, Ө.Сейлакунов атн.борбордук скверинен, аянты 400м2 жер тилкесин, көл кылаасынын белгилүү коомдук ишмери Арык-мырзанын эстелигин тургузуу үчүн бөлүп берсин.
2. Архитектура жана шаар куруу боюнча Ысык-Көл регионалдык башкармалыгы, эстеликти тургузууда, курулуш ченемдерин жана эрежелерин сактоону камсыз кылсын.
3. Бул токтом Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн, областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
4. Токтом ММКларда жарыялансын.
5. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү жерди пайдалануу, архитектура, курулуш жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына (М.Ө.Сагымбаев) жана Каракол шаарынын биринчи вице-мэри А.Ж.Каниметовго жүктөлсүн.
Төрага | Э. Айсаракунов |