Загрузка документа…
КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 13-февралы № 27-19/2
Каракол шаардык финансы башкармалыгынын башчысы Г.С.Толумбекованын, 2018-жылдын 12-январындагы, чыг.№02-38/11, «Каракол шаарынын 2017-жылдын жергиликтүү бюджетинин аткарылышы жөнүндө жана 2017-жылга такталган планын бекитүү жөнүндөгү» отчетун карап жана талкуулап, Каракол шаарынын 2017-жылдын жергиликтүү бюджети 186533,5 миң сом менен бекитилгенин, аткаруу процессинде, кирешелердин түшүү планы өзгөртүлгөндүгүн, 2017-жылдын башындагы эркин калдыктан акча каражаттар бөлүнгөндүгүн, Республикалык бюджеттен акча каражаттар берилдендигин, экономика, каржы, соода, өнөр жай, инвестициялар, ишкердүүлүктү колдоо боюнча туруктуу комиссиясынын сунуштарын, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин Президиумунун чечимин эске алуу менен, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин XXVII чакырылышынын XIX сессиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каракол шаарынын 2017-жылга жергиликтүү бюджетинин аткарылышы боюнча отчет, кирешелер боюнча – 214406,7 миң сом суммасында, чыгаша боюнча – 210558,3 миң сом суммасында, профицит менен 3848,4 миң сом суммасында бекитилсин (№1 тиркемеге ылайык).
2. Каракол шаарынын финансы башкармалыгы (Г.С.Толумбекова), бюджеттик мекемелердин чыгаша сметаларына тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизсин.
3. Каракол шаарынын 2017-жылга жергиликтүү бюджетинин кирешелер жана чыгашалар боюнча такталган планы, 218560,4 миң сом суммасында бекитилсин ( №2 тиркемеге ылайык).
4. Бул токтом, Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн, областык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
5. Токтом ММКларда жарыялансын.
6. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү экономика, каржы, соода, өнөр жай, инвестициялар жана ишкердүүлүктү колдоо боюнча туруктуу комиссиясына (Н.А.Баратова) жана Каракол шаарынын биринчи вице-мэри А.Ж.Каниметовго жүктөлсүн.
Төрага | Э. Айсаракунов |