Загрузка документа…
КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 13-февралы № 27-19/4
Каракол шаардык финансы башкармалыгынын башчысы Г.С.Толумбекованын, “Каракол шаарынын жергиликтүү бюджетинин 2017-жылда аткарылышынын жыйынтыгы боюнча, 2018-жылдын башындагы эркин калдыктын эсебинен акча каражаттарын бөлүштүрүү” жөнүндөгү маалыматын угуп жана талкуулап, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин экономика, каржы, соода, өнөр жай, инвестициялар жана ишкердүүлүктү колдоо боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин Президиумунун чечимин эске алуу менен, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин XXVII чакырылышынын XIХ сессиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каракол шаарынын жергиликтүү бюджетинин 2017-жылда аткарылышынын жыйынтыгы боюнча, 2018-жылдын башындагы бюджеттик каражаттардын эркин калдыгы 5643,8 миң сом суммасында бекитилсин.
2. Каракол шаарынын жергиликтүү бюджетинин 2017-жылда аткарылышынын жыйынтыгы боюнча, 2018-жылдын башындагы эркин калдыктын акча каражаттарын бөлүштүрүү, №1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Каракол шаардык финансы башкармалыгы (Г.С.Толумбекова), 2018-жылдын башындагы бюджеттик каражаттардын эркин калдыгын каржылоону, бекитилген бөлүштүрүүгө ылайык, мекемелердин чыгаша сметаларына тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү менен жүргүзсүн.
4. Бул токтом Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн областык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
5. Токтом ММКларда жарыялансын.
6. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү экономика, каржы, соода, өнөр жай, инвестициялар жана ишкердүүлүктү колдоо боюнча туруктуу комиссиясына (Н.А.Баратова) жана Каракол шаарынын биринчи вице-мэри А.Ж.Каниметовго жүктөлсүн.
Төрага | Э. Айсаракунов |