Загрузка документа…
КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 13-февралы № 27-19/7
Каракол шаарынын мэри Д.К.Арпачиевдин, 2017-жылдын 30-ноябрындагы, кир.№01-7/559 катын карап жана талкуулап, туризм, спорт жана жаштардын иштери боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин Президиумунун чечимин эске алуу менен, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин XXVII чакырылышынын XIX сессиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Каракол шаарынын жаштарын 2018-2020-жылдарда өнүктүрүү боюнча стратегиялык планы" бекитилсин (тиркелет).
2. Бул токтом Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн, областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
3. Токтом ММКларда жарыялансын.
4. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү экономика, бюджет, соода, өнөр жай, инвестициялар жана ишкердүүлүктү колдоо боюнча туруктуу комиссиясына (Н.А.Баратова), туризм, спорт жана жаштардын иштери боюнча туруктуу комиссиясына (Б.О.Сабатаров) жана Каракол шаарынын вице-мэри Г.Ж.Орозовага жүктөлсүн.
Төрага | Э. Айсаракунов |