Загрузка документа…
КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 13-февралы № 27-19/8
Кыргыз Республикасынын шайлоолорду жана референдумдарды өткөрүү боюнча Борбордук шайлоо комиссиясынын, 2018-жылдын 15-январындагы, кир.№01-7/12 кайрылуусун ишке ашыруу максатында, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин Президиумунун чечимин эске алуу менен, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин XXVII чакырылышынын XIX сессиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каракол аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине, шайлоочулардын жыйналыштарында көрсөтүлгөн талапкерлердин тизмеси бекитилсин (№1 тиркеме).
2. Кыргыз Республикасынын шайлоолорду жана референдумдарды өткөрүү боюнча Борбордук шайлоо комиссиясына, Каракол аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине, талапкерлердин бекитилген тизмесин киргизүү суралсын.
3. Бул токтом, Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн, областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
4. Токтом ММКларда жарыялансын.
5. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү мыйзамдуулукту сактоо, укук тартиби, ММКлар, коомчулук менен иш алып баруу, депутаттык адеп жана депутаттык ишмердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына (К.Дж.Мамбетов) жана Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин жооптуу катчысы Э.А.Майрыковго жүктөлсүн.
Төрага | Э. Айсаракунов |