Загрузка документа…
КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 12-октябры № 27-22/1
Каракол шаарынын аймактык шайлоо комиссиясынын, Каракол шаарынын мэрин шайлоонун жыйынтыгы жөнүндөгү, 2018-жылдын 12-октябрындагы протоколун угуп жана эске алып, Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү" Мыйзамдын 43-беренесинин, 4-бөлүгүнүн жана "Шаардын мэрин шайлоо жөнүндөгү" Жобонун 5-бөлүмүнүн, 34-пунктунун негизинде, Каракол шаардык депутаттар XXVII чакырылышынын ХХII сессиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каракол шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын, Каракол шаарынын мэрин шайлоонун жыйынтыгы жөнүндөгү, 2018-жылдын. 12-октябрындагы протоколу эске алынсын (протокол тиркелет).
2. Бул токтом Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
3. Токтом ММКларда жарыялансын.
4. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин төрагасынын биринчи орун басары У.Ж.Иманакуновго жүктөлсүн.
Төраганын биринчи орун басары | У.Ж. Иманакунов |