Загрузка документа…
Т. КУЛАТОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 11-июлу № 13-3
Т. Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Кулуштан айылындагы жаңы конуштагы көчөгө “Ооган согушунун ардагери Айдаров Адилбек Сурановичтин атын ыйгаруу жөнүндө Ооган согушунун ардагерлер кеңешинин жыйынынын № 2 протоколун угуп жана талкуулап, Айдаров Адилбек Сурановичтин эрдигин баалап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу» мыйзамынын 4 бөлүгүнүн 31-беренесине таянып, Т.Кулатов атындагы айылдык кеӊештин сессиясы:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ооган согушунун ардагерлер кеңешинин 2018-жылдын 30-мартындагы № 2 протоколу колдоого алынсын.
2. Т. Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Кулуштан айылындагы жаңы конуштагы аты жок көчөгө “Ооган согушунун ардагери Айдаров Адилбек Сурановичтин атын ыйгарууга макулдук берилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Рустамов К. тапшырылсын.
Төрага | А. Топчубаев |