Загрузка документа…
Т. КУЛАТОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 11-июлу № 13-4
Т. Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Абшыр-Сай бөлүмүндөгү жаңы көчөгө Улуу Ата Мекендик согуш мезгилинде тылда эмгектенген ардагер Мурзураимов Ташандин наамын коюу жөнүндөгү Кожо-Арык айылынын тургундарынын 2018-жылдын 29-апрелиндеги № 1 протоколун угуп жана талкуулап депутаттардын Т.Кулатов айылдык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кожо-Арык айылынын жашоочуларынын 2018-жылдын 29-апрелиндеги № 1 протоколу колдоого алынсын.
2. Кожо-Арык айылындагы Абшыр-Сай бөлүмүндөгү жаңы аты жок көчөгө Жолдошов Жапардын үйүнөн Шамурзаев Ысмандын үйүнө чейинки аралыктагы көчөнүн аталышы Улуу Ата Мекендик согуш мезгилинде тылда эмгектенген ардагер Мурзураимов Ташандин наамын коюуга макулдук берилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө, айылдык кеңештин мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Рустамов К. тапшырылсын.
Төрага | А. Топчубаев |