Загрузка документа…
Т. КУЛАТОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 11-июлу № 13-10
Т. Кулатов атындагы айыл аймактын жергиликтүү кеңешинин депутаттары “Ийримдерди уюштуруу аркылуу маданият кызмат көрсөтүүнү өнүктүрүү” кызмат көрсөтүүсүнүн алкагында тарифти жана бул кызмат көрсөтүүнүн алкагындагы кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын талкуулап,Т.Кулатов атындагы айылдык кенештин сессиясы:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Ийримдерди уюштуруу аркылуу маданият кызмат көрсөтүүнү өнүктүрүү” кызмат көрсөтүүсүнүн алкагындагы тариф ар бир ийримдин катышуучусу үчүн айына 300 сомдон деп бекитилсин.
2. “Ийримдерди уюштуруу аркылуу маданият кызмат көрсөтүүнү өнүктүрүү” кызмат көрсөтүүсүнүн стандарттары бекитилип, толук түрдө аткарылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
Төрага | А. Топчубаев |