Загрузка документа…
Т. КУЛАТОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 26-сентябры № 14-2
Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Кош-Дөбө айылындагы Э.Эргешов атындагы орто мектебинин жер аянтынын ичинен жаныдан балдар бакчасын куруу үчүн 0,59 га жер тилкесин ажыратып берүү үчүн Жергиликтүү өз алдынча башкаруу мыйзамынын 20 беренесинин 6 пунктуна , Жер кодексинин № 13, 32, 44 беренелерине негиз Т.Кулатов атындагы айылдык кеӊешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Кош-Дөбө айылындагы Э.Эргешов атындагы орто мектебинин жер аянтынын ичинен жаныдан балдар бакчасын куруу үчүн 0,59 га жер тилкесин ажыратып берүүгө макулдук берилсин.
2. Атайын ажыратылган жер аянтына Ноокат районунун мамлекеттик архитектуралык иш кагаздарын даярдап берүү жагы Ноокат райондук шаар курулушу жана архитектура боюнча башкармалыгынан суралсын.
3. Бекитилип берилген жер аянтынын чек араларын тактап, тийешелуу юридикалык иш кагаздарын даярдап, жерге болгон укугун каттоо жагы Ноокат райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынан суралсын.
4. Токтомдун аткарылышын Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүнүн башчысы Н.Мадимаровго тапшырылсын.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Т.Кулатов атындагы айылдык кеӊештин жер аянттарына менчик укуктарды түз жана аукциондо сатуу жерди ижарага берүү боюнча комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Топчубаев |