Загрузка документа…
Т. КУЛАТОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 26-сентябры № 14-3
Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Жин-Жиген бөлүмүндөгү 181,70 га жер аянтын түндүк батыш тарабынандагы жерден 5,0 га жер аянтын “Кожо-Арык” А” ЖЧКсына мөмө-жемиштерди кайра иштетүүчү ишкананы куруу үчүн Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин № 13,32,27 беренелерине негиз Т.Кулатов атындагы айылдык кенешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Жин-Жиген бөлүмүндөгү 181,70 га жер аянтын түндүк батыш тарабынандагы жерден 5,0 га жер аянтын “Кожо-Арык” А” ЖЧКсынын жетекчиси А.Жамалдиновго мөмө-жемиштерди кайра иштетүүчү ишкананы куруу үчүн убактылуу келишимдин негизинде 49-жылга ижарага берүүгө макулдук берилсин.
2. Убактылуу пайдаланууга ажыратылып берилип жаткан жер аянтын максаттуу пайдалануу “Кожо-Арык” А” ЖЧКсынын жетекчиси А.Жамалдиновго милдеттендирилсин жана 2 (эки) жылдын аралыгында курулуш жумуштарын жүргүзбөсө , ажыратылып берилген жер аянты айыл өкмөтүнө кайтарылсын.
3. Убактылуу пайдаланууга ажыратылып берилген 5,0 га жер аянты боюнча ижаралык келишимди “Кожо-Арык” А” ЖЧКнын ЖЧКсынын жетекчиси А.Жамалдинов менен түзүү Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Т.Кулатов атындагы айылдык кеёештин жер аянттарына менчик укуктарды түз жана аукциондо сатуу жерди ижарага берүү боюнча комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Топчубаев |