Загрузка документа…
Т. КУЛАТОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 30-октябры № 15-3
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 13-беренесине ылайык жана Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруулардын Союзунун Союзга мүчөлүк төлөмдөрдү төлөп берүү боюнча кайрылууларын карап чыгып талкуулап, Т.Кулатов атындагы айылдык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтү Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруулардын Союзуна мүчө болуп кирсин.
2. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруулардын Союзунун Уставына ылайык жылына 1 жолу калктын санына жараша 1 кишиге 1 сомдон кем эмес мүчөлүк төлөм төлөнүп берилсин.
3. Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтү Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруулардын Союзу менен иш алып баруу жагы Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.
Төрага | А. Топчубаев |