ТоктомКүчүндө

Уч-Коргон айылдык кенешинин 2017-жылдын 5-сентябрындагы № 7/4 «Уч-Коргон айыл аймагындагы Разьезд айылындагы «Келечек-Уч-Коргон» балдар бакчасынын имаратын капиталдык оңдоо үчүн акча каражатын бөлүштүрүү жөнүндө» токтому

Редакция05.09.2017 редакциясы
Жүктөө .docx
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

УЧ-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Уч-Коргон айылдык кенешинин VI чакырылышынын кезексиз VII сессиясы

 

2017-жылдын 5-сентябры № 7/4

Уч-Коргон айыл аймагындагы Разьезд айылындагы “Келечек-Уч-Коргон” балдар бакчасынын имаратын капиталдык оңдоо үчүн акча каражатын бөлүштүрүү жөнүндө

 

“Кыргыз Республикасынын бюджеттик укуктун негизи принциптери жөнүндөгү” 1998-жылдын 2-июнундагы №78 “Өз алдынча башкаруу органдарынын финансы –экномикалык негиздери” жөнүндөгү мыйзамын жетекчиликке алып, Уч-Коргон айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Уч-Коргон айыл аймагындагы Разьезд айылындагы “Келечек-Уч-Коргон” балдар бакчасынын имаратын капиталдык оңдоо үчүн өздүк салым катары 602876 (алты жүз эки миң сегиз жүз жетимиш алты) сом акча каражаты бөлүштүрүлүп берилсин.

2. Разьезд айылындагы “Келечек-Уч-Коргон” балдар бакчасынын имаратын капиталдык оңдоо үчүчн бөлүштүрүлгөн акча көлөмү мыйзам чегинде атайын эсепке которуу жагы айыл өкөмтүнүн КЭБнун башчысы А.Рахматуллаевге сунушталсын.

3. Жогорудагы токтомдун аткарылышын көзөмлдөө жагы Уч-Коргон айылдык кенешинин финансы жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрага

Х. Джалалов