Загрузка документа…
УЧ-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 25-декабры № 8/4
Жеке ишкер “Айтбаев Б.Т” тазалык ишканасынын директору Б.Т.Айтбаевдин 2017-жылдын 29-ноябрындагы №А-02 катынын негизинде, Уч-Коргон айыл аймагы боюнча айылдарды таштандылардан, икир-чикирлерден тазалоо иштерин жургузуу максатында жарандар жана мекеме ишканалар менен өз ара келишим түзүп жумуш аткаруу максатындагы билдирүүлөрүн угуп жана талкуулап чыгып, Уч-Коргон айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жеке ишкер “Айтбаев Б.Т” тазалык ишканасынын директору Б.Т.Айтбаевдин 2017-жылдын 29-ноябрындагы №А-02 каты конулго алынсын.
2. Жеке ишкер “Айтбаев Б.Т” тазалык ишканасынын директору Б.Т.Айтбаевдин 2017-жылдын 29-ноябрындагы №А-02 катынын негизинде жарандар жана комерциялык ишканалардын ээлери менен өз ара келишим тузуп жумуш алып баруусу макулдашылсын.
3. Уч-Коргон айыл окмотунун аймагындагы айылдар боюнча таштандыларды чыгаруу графиги бекитилсин.
4. Айылдардагы конуштардан чыгарылган таштандылар:
1 айга карата акысы - 100 сом өлчөмүндө;
Коммерциялык мекемелер
(соода-сатык магазин, кафе, чайхана түйүндөрү) - 200 сом өлчөмүндө баасы бекитилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин бардык туруктуу комиссияларына жүктөлсүн.
Төрага | Х. Джалалов |