Загрузка документа…
УЧ-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 23-майы № 10/2
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 30-июлундагы № 275 токтому менен Уч-Коргон айыл аймагындагы жалпы 60 га жер трансформация болгондугун, анын ичинен 56 га жер сугат, 4 га жер бак-дарактар жер аянты айыл өкмөтүнүн 2005-жылдын 26-октябрындагы №187 токтому менен турак жай учун алууга муктаждарга берилгендигин, бирок бул маселе айыл өкмөт тарабынан мыйзамсыз деп эсептелип (учурдагы айыл өкмөтү, айылдык кенеш депуттары тарабынан) токтомду жокко чыгаруу боюнча сот органдарына кайрылуулар болгондугун, бул кайрылуулар каралып Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун 2018-жылдын 3-апрелиндеги чечими менен Баткен облусунун райондор аралык сотунун 2017-жылдын 13-октябрындагы аныктамасы, Баткен облустук сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын 2017-жылдын 14-декабрындагы аныктамасы күчүндө калтырылгандыгына ылайык Уч-Коргон айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун 2018-жылдын 3-апрелиндеги чечими менен Баткен облусунун райондор аралык сотунун 2017-жылдын 13-октябрындагы аныктамасы, Баткен облустук сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын 2017-жылдын 14-декабрындагы аныктамасы аткарууга алынсын.
2. Белгиленген тартипте Сулайманабод айылындагы 7,0 га жер тилкесинин аймагынан жогорку чыналууда электр линиясы өткөдүгүнө байланыштуу жана областтык прокуратуранын №11/714-18 27.02.2018-жылдагы талабына ылайык, мурдагы башкы планды өзгөртүү менен ага кирүүчү нормаларды эске алып, генралдык план кайрадан иштелип чыгылсын.
3. Уч-Коргон айыл өкмөтүнө Сулайманабод айылындагы 7,0 га жер тилкесине бардык архитектуралык нормаларды сактоо менен Генералдык планды кайрдан иштеп чыгуу жагы тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Уч-Коргон айылдык кенешинин бардык туруктуу комиссияларына жүктөлсүн.
Төрага | Х. Джалалов |