Загрузка документа…
УЧ-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 17-июну № 11/3
Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясынын 2018-жылдын 26-апрелиндеги №1-17/04-854, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин 2018-жылдын 13-апрелиндеги №01-25/117 катына ылайык, 2018-жылдын 6-апрелиндеги №01-18/41 буйругу менен «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» мыйзамына киргизилген өзгөртүүлөр жана толуктоолордун негизинде Типтүү Жобого ылайык иш алып баруу жөнүндөгү маселени угуп жана талкуулап чыгып Уч-Коргон айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин 2018-жылдын 13-апрелиндеги №01-25/117 катына ылайык, 2018-жылдын 6-апрелиндеги №01-18/41 буйругу менен «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» мыйзамына киргизилген өзгөртүүлөр жана толуктоолордун негизинде Типтүү Жобого ылайык мыйзам чегинде шайкеш иш алып баруу жагы Уч-Коргон айыл өкмөтүнө сунушталсын.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Уч-Коргон айылдык кенешинин бардык туруктуу комиссияларына жүктөлсүн.
Төрага | Х. Джалалов |