Загрузка документа…
УЧ-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 17-августу № 12/1
Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун 2018-жылдын 3-апрелиндеги чечимиинин негизинде, Уч-Коргон айыл өкмөтүнүн Сулайманабод айылындагы 7 га жер аянтынын генералдык планын өзгөртүүлөр жана толуктоолорду киргизүү менен кайрадан бекитүү жөнүндөгү маселени угуп жана талкуулап чыгып, Уч-Коргон айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун 2018-жылдын 3-апрелиндеги чечими жетекчиликке жана аткарууга алынсын.
2. Элдин ыраазычылыгын эске алуу менен Сулайманабод айылындагы 7 га жер тилкесинен жарандарга 7 сотыхдан кылып жер участоктору ажыратылып берилсин.
3. Сулайманабод айылындагы 7 га жер тикесине кайрадан генералдык планы бекитилсин.
3. Ош шаарындагы Мамлекеттик шаар куруу жана архитектура башкармалыгынан генералдык планды өзгөртүү жана толуктоолор кайрадан түзүп берүү жагы суралсын.
4. Айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Г.Маматова жер адиси Б.Исаковдорго элдин ыраазычылыгы менен бекитилген генералдык планды төзөө боюнча тиешелүү иш кагаздарын жүргүзүү жагы тапшырылсын.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Уч-Коргон айылдык кенешинин бардык туруктуу комиссияларына жүктөлсүн.
Төрага | Х. Джалалов |