Загрузка документа…
СҮЛҮКТҮ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 13-сентябры № 65
Сүлүктү шаарынын калкынын тазалыгын камсыз кылуу боюнча “Сүлүктү-Тазалык” МИнын аткарган иштери жөнүндө “Сүлүктү-Тазалык” МИ жетекчиси К. Мадаминовдун отчетун, шаардык кенештин өнөр жай, транспорт, жол, коммуналдык иштер, таза суу, тазалык жана экология боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүлөрүн угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” мыйзамынын талаптарынын негизинде депутаттардын Сүлүктү шаардык кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сүлүктү шаарынын тазалыгын камсыз кылуу, айлана чөйрөнү көрктөндүрүү жашылдандыруу боюнча “Сүлүктү-Тазалык” МИнын аткарган иштери жөнүндө “Сүлүктү-Тазалык” МИ жетекчиси К. Мадаминовдун отчету кабыл алынсын.
2. Шаардагы таштандыларды тазалоо, көрктөндүрүү жана жашылдандыруу боюнча кошумча иш чараларды түзүп анын аткарылышын камсыз кылуу жагы “Сүлүктү-Тазалык” МИ жетекчиси К.Мадаминовдон жана Сүлүктү шаарынын биринчи вице мэри Б.Ташевден талап кылынсын.
3. Шаардын аймагын таза кармоого, коммуналдык кызматтар үчүн төлөмдөрдүн өз убагында төлөнүшүн камсыз кылууга көмөк көрсөтүү жана элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жагы шаардын аймагындагы мекеме ишканалардын (менчигинин түрүнө карабастан) жетекчилеринен жана коомдук өзүн өзү башкаруу аймактарынын башчыларынан суралсын.
4. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы шаардык мэрияга, көзөмөлдөө жагы шаардык кеӊештин өнөр жай, транспорт, жол, коммуналдык иштер, таза суу, тазалык жана экология боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Т. Азизбеков |