Загрузка документа…
СҮЛҮКТҮ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 13-сентябры № 66
Сулукту шаарынын мэриясынын 2018-жылдын 9-июль № 02-10/780 катын карап Сулукту шаардык мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик бөлүмүнүн башчысы С.Калакуловдун билдирүүлөрүн угуп жана талкуулап депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып Сулукту шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сулукту шаарынын муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндөгү Жобонун 4-11-бөлүмү төмөнкү мазмундагы д) пункту менен толукталсын:
“Сезондук соода-сатыктар жана көмүр көмүү үчүн убактылуу ижара шартында пайдаланууга берилген жерлер кыска мөөнөткө тооруксуз берилсин. Эгерде жайгашкан жери бардык талаптарга жооп берген болсо, үч айдан алты айга чейин түз сатуу жолу менен келишим түзүлсүн”
2. 5-бөлүмдүн 31 пункту күчүн жоготту деп эсептелип төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын
“Жер участокторду түзүү менен байланышкан чыгымдарды төлөө берилген чыгымдарга ылайык (шаардык архитектурага, мамкаттоого жана ыйгарым укуктуу органдарга) юридикалык жана жеке жактар (арыз ээлери) тарабынан жүзөгө ашырылат.”
“Өз алдынча бирдик катары соодалоого коюла турган жер участокторду түзүү менен байланышкан чыгымдарды төлөө ижара келишимин түзгөнгө чейин соодалоонун жеңүүчүсү тарабынан жүзөгө ашырылат”
3. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы шаардык кеӊештин мыйзамдуулук, депутаттык этика, регламент, жергиликтүү сыйлыктар жана мамлекеттик тил боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн
Төрага | Т. Азизбеков |