Загрузка документа…
СҮЛҮКТҮ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 13-сентябры № 67
Шаардык мэриянын 2018-жылдын 9-июлундагы № 02-10/11-780 чыгыш сандуу катындагы Нооруз балдар бакчасына күзөтчү штаттык бирдигин карап берүү маселеси боюнча шаардык кенештин бюджет, экономика жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиянын сунуштарын угуп жана талкуулап Сүлүктү шаарынын прокурорунун 2018-жылдын 1-июнундагы №11/351-18 мындан ары болтурбоо жөнүндөгү сунушун эске алып Сүлүктү шаардык кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Нооруз” балдар бакчасынын имаратын кароо үчүн күзөтчү бир штаттык бирдигин кароого макулдук берилсин
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Сүлүктү шаардык кеңешинин бюджет, экономика, инвестиция жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Т. Азизбеков |