Загрузка документа…
СҮЛҮКТҮ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 13-сентябры № 68
Сүлүктү шаардык мэриясынын 2018-жылдын 2-июлундагы № 02-10/01-739 чыгыш сандуу Чимген-Самат таза суу куурунан таза сууну пайдаланган Лейлек районунун Исфана шаарына караштуу Чимген, Кара таш, Беш –Бала, Калта-Кол, Самат жана Мурза Патча айылдарынын жарандарына таза суунун 30% жеӊилдетилген баасын мөөнөтсүз кылып берүү боюнча кайрылган катын тууралуу шаардык кеӊештин өнөр жай, транспорт, жол, коммуналдык иштер, таза суу, тазалык жана экология боюнча туруктуу комиссиясынын сунуштарын угуп жана талкуулап Сүлүктү шаардык кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сүлүктү шаардык кеӊешинин 2017-жылдын 29-январындагы № 26 Чимген-Самат таза суу куурунан таза сууну пайдаланган Лейлек районунун жарандарына таза суунун баасын арзандатуу боюнча шаардын мэринин 12–июнь 2017-ж. № 02-10/02-644 каты тууралуу токтомунун 1 пунктундагы таза суунун баасы деген сөздөн кийинки “1 жылдык мөөнөткө” деген сөз алынып салынсын.
2. Токтомдун көчүрмөсүн Исфана шаардык мэриясына жөнөтүү жагы Сүлүктү шаардык мэриясына жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы шаардык мэрияга, көзөмөлдөө жагы шаардык кеӊештин өнөр жай, транспорт, жол, коммуналдык иштер, таза суу, тазалык жана экология боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Т. Азизбеков |