Загрузка документа…
СҮЛҮКТҮ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 13-сентябры № 69
Сүлүктү шаарынын 150 жылдык мааракесине карата “Сүлүктү шаарынын Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу максатында Сүлүктү шаарынын жамаатынын жергиликтуу сыйлыктарына сунуштоо боюнча комиссиянын, шаардык кеңештин мыйзамдуулук, депутаттык этика, регламент, жергиликтүү сыйлыктар жана мамлекеттик тил боюнча туруктуу комиссияларынын сунуштарын эске алып, “Сүлүктү шаарынын жамаатынын жергиликтүү сыйлыктарын ыйгаруу боюнча Жобосунун” талаптарына ылайык Сүлүктү шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сүлүктү шаарынын 150 жылдык мааракесине карата “Сүлүктү шаарынын Ардактуу атуулу” наамы төмөнкүлөргө ыйгарылсын.
1. Маматов Нажимидин Төрөкүлович
2. Таштанкулов Мамат Абдрахманович
3. Авязов Марс Асымович
4. Ибрагимов Абдубакир Арзыбаевич
5. Машрабов Абдумалик Амирович
2. “Ардактуу атуул” наамын тапшырууну уюштуруу жагы шаардык мэрияга жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык кеңештин мыйзамдуулук, депутаттык этика, регламент, жергиликтүү сыйлыктар жана мамлекеттик тил боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Т. Азизбеков |