Загрузка документа…
УЛАХОЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXVII кезектеги чакырылган I- сессиясы
2017-жылдын 24-августу №58
АРИС программасы боюнча "Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү" долбоорун ишке ашыруу максатында Улахол айыл өкмөтүнүн жайыт комитетине келген "WF 500 А" фронталдык жүк жүктөгүч оор техникасын каттоодон өткөрүү жөнүндө
Улахол айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин төрагасынын милдетин аткаруучу А.Ашымбековдун сунушун угуп жана талкуулап, депутаттардын Улахол айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. АРИС программасы боюнча "Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү" долбоорун ишке ашыруу максатында Улахол айыл өкмөтүнүн жайыт комитетине келген "WF 500 А" фронталдык жүк жүктөгүч оор техникасы айыл өкмөтүнүн балансына алынсын жана айыл өкмөтү тарабынан жайыт комитетине чарбалык башкарууга өткөрүлүп берилсин.
2. Улахол айыл аймагынын жайыт комитета менен мыйзам чегинде иш аракеттерди жүргүзүү жагы жайыт комитетинин бухгалтерине жүктөлсүн.
Төрага | Т.Ашымов |