Загрузка документа…
УЛАХОЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXVII кезектеги чакырылган I- сессиясы
2017-жылдын 24-августу №59
Улахол айыл Өкмөтүнө караштуу айылдарга огородго берилүүчү жер аянттарын тактоо жөнүндө
Күн тартибиндеги маселе боюнча айылдык Кеңештин төрагасы Ашымов Тынчтыкбектин билдирүүсүн угуп, Улахол айыл Өкмөтүнүн калкынын саны көбөйүп кеткендигине байланыштуу жана сессияда чыгып сүйлөгөн депутаттардын ой-пикирлерин талкуулап, 20.01.2008-жылдагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жер участогун бир категориядан башка категорияга же бир түрүнөн башка түрүнө которуу жөнүндөгү № 19-токтомунун жобосуна жана Жер Кодексинин 18-статьясынын 4-пунктуна ылайык Улахол айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1 .Шор-Булак айылы боюнча жалпы аянты 11,70 га, анын ичинен: № 1 уч. Кыймылсыз мүлктүн дареги Шор-Булак айылынын батыш тарабында № 108 контурда жайгашкан 864,0 га жайыт жер участогунун ичинен 1,70 га.
№ 2 уч. Кыймылсыз мүлктүн дареги Шор-Булак айылынын түндүк-чыгыш тарабында № 48 контурда жайгашкан 70,60 га жайыт жер участогунун ичинен 10,0 га. Жалпы аянты 11,70 га.
2. Жаңы берилген огородцордун аянты 0,12 га өлчөмүндө берилсин.
3. Бул токтомду аткаруу, тиешелүү документтерди топтоо жагы Улахол айыл Өкмөтүнүн жер адиси Зарлыков Уланбекке милдеттендирилсин.
4. Бул токтомду бекитип берүү жагы депутаттардын Тоң райондук Кеңешинен суралсын.
Төрага | Т.Ашымов |