Загрузка документа…
УЛАХОЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXVII кезектеги чакырылган I- сессиясы
2017-жылдын 24-августу №63
Улахол айыл Өкмөтүнө караштуу айылдарга огородго берилүүчү жер аянттарын тактоо жөнүндө
Күн тартибиндеги маселе боюнча айылдык Кеңештин төрагасы Ашымов Тынчтыкбектин билдирүүсүн угуп, Улахол айыл Өкмөтүнүн калкынын саны көбөйүп кеткендигине байланыштуу жана сессияда чыгып сүйлөгөн депутаттардын ой-пикирлерин талкуулап, 20.01.2008-жылдагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жер участогун бир категориядан башка категорияга же бир түрүнөн башка түрүнө которуу жөнүндөгү № 19-токтомунун жобосуна жана Жер Кодексинин 18-статьясынын 4-пунктуна ылайык Улахол айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Kapa-Талаа айылы боюнча жалпы аянты 49,60 га, анын ичинен:№ 1 уч. Кыймылсыз мүлктүн дареги Кара-Талаа айылынын түндүк чыгыш тарабында № 431 контуда жайгашкан 24,0 га маданий жайыт жер участогунун ичинен 7,30 га, №2 уч. №432 контурда жайгашкан 19,10 га маданий жайыт жер участогунун ичинен 19,10 га, №3 уч.№433 контурда жайгашкан 20,10 га көп жылдык мөмө жемиш бак-дарак жеринин ичинен 14,10 га,№4 уч. №434 контурда жайгашкан маданий жайыт жер . Улахол айыл Өкмөтүнүн карамагучасткасындагы 9,10 га же аянтынын ичинен 9,10 га, жалпы аянты 49,60 га.ында турган маданий жайыт жер.
2. Жаңы берилген огороддордун аянты 0,12 га өлчөмүндө берилсин.
3. Бул токтомду аткаруу, тиешелүү документтерди топтоо жагы Улахол айыл Өкмөтүнүн жер адиси Зарлыков Уланбекке милдеттендирилсин.
4. Бул токтомду бекитип берүү жагы депутаттардын Тоң райондук Кеңешинен суралсын.
Төрага | Т.Ашымов |